# 13-берене. Кино жана көрсөтмө тейлөөдөгү, маалыматтык тейлөөдөгү жарнаманын өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Жарнак жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/162)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 24-декабрындагы № 155 "Жарнак жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 155
- Кабыл алынган күнү: 24.12.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 июля 2019 года № 98 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О рекламе"](https://aqlex.ai/kg/doc/111945)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/162#diff=1264823..1264825>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/162/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-150/edition/1264796/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/162/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарнак жөнүндө, 13-берене (31.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/162/st-13

---

1. Кино жана көрсөтмө тейлөөдө сериялар (бөлүктөр) ортосундагы танапистерден тышкарыда фильмди көрсөтүүнү жарнама менен үзүп-жарууга жол берилбейт.

2. Маалыматтык телефондук тейлөөдө жарнама абонент сураган маалыматты кабарлоодон кийин гана берилиши мүмкүн.

3. Акы төлөнүүчү маалыматтык телефондук, компьютердик жана башка тейлөөдө жарнама абоненттин макулдугу менен гана берилиши мүмкүн. Мындай жарнаманын наркы абонент сураган маалыматтардын наркына киргизилүүгө тийиш эмес.

(КР 2019-жылдын 22-июлундагы № 98 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/162/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/162/st-14)
