11-берене. Радио жана телепрограммалардагы жарнаманын өзгөчөлүктөрү
Күчүндө · 31.10.2025 редакциясы · II бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 3 июля 2023 года № 130
1. Радио жана телепрограммаларда жарнама менен:
балдар үчүн жана диний берүүлөрдү; билим берүүчү берүүлөрдү 15 мүнөттүн ичинде 45 секунддан ашык убакытка бир жолудан ашык; радио коюуларын жана көркөм фильмдерди укук ээлеринин макулдугусуз; телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тизмеси белгиленген, түз тартылып берилүүчү берүүлөрдү; тартылып берилүүчү узактыгы 15 мүнөттөн азды түзгөн берүүлөрдү; тартылып берилүүчү узактыгы 15тен 60 мүнөткө чейинки убакытты түзгөн берүүлөрдү эки жолудан ашык үзүп-жарууга жол берилбейт. Жарнаманы угузган учурда жарнаманын үнү берилип жаткан программанын үнүнөн бийик болбоого тийиш.
2. Жарнаманы үстүнө түшүрүү, анын ичинде "жылуучу саптар" ыкмасы түрүндө пайдаланууда анын өлчөмү кадрдын аянтынын жети пайызынан ашпоого тийиш.
3. Бир эле товардын жарнамасын таратуу, ага тете жарнама берүүчүнүн өзү жөнүндө жарнама таратуу берүүнүн бир жыштыгындагы радио жана телепрограмманын обо убакытынын бир саатынын ичинде жалпы узактыгы эки мүнөттөн ашпаган эки жолудан ашык жүзөгө ашырылууга тийиш эмес.
4. Жарнамалык мүнөздөгү кабарларды жана материалдарды берүүгө адистешкен катары катталбаган радио жана телепрограммаларда жарнама сутка бою берүүнүн көлөмүнүн 25 пайызынан ашпоого тийиш.
5. Теле-радиоберүүлөрдөгү жана башка жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жарнамалар мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет.
(КР 2006-жылдын 8-августундагы № 159, 2019-жылдын 22-июлундагы № 98, 2023-жылдын 3-июлундагы № 130 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 31.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 3 июля 2023 года № 130 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О рекламе"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 22 июля 2019 года № 98 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О рекламе"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 8 августа 2006 года № 159 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О рекламе", в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"Редакцияларды салыштыруу
03.07.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…коюуларын жана көркөм фильмдерди укук ээлеринин макулдугусуз;
кошулду: телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тизмеси белгиленген, түз … 2006-жылдын 8-августундагы № 159, 2019-жылдын 22-июлундагы № алынып салынды: 98 кошулду: 98, 2023-жылдын 3-июлундагы № 130 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 22.07.2019 · № 98
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/162/st-11" title="11-берене - Жарнак жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>