# 9-статья. Камсыздандырылган адам жана иш берүүчү тарабынан берилүүчү камсыздандырылган адамдар жөнүндө маалыматтар

- Документ: [Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/161)
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 22-декабрындагы № 154 "Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 154
- Кабыл алынган күнү: 22.12.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.04.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 93 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственного социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/112574)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/161#diff=1248208..1248209>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/161/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-149/edition/1248197/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/161/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө, 9-статья (08.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/161/st-9

---

Ишке кирип жаткан камсыздандырылган адам иш берүүчүгө идентификациялык жеке номеринин бар экендигин ырастаган документ көрсөтүүгө милдеттүү. Мында ишке кирип жаткан же жарандык-укуктук мүнөздөгү келишим түзүп жаткан адам иш берүүчүгө каттоо үчүн зарыл болгон бардык маалыматтарды берет. Ишкана жоюлган учурда иш берүүчү жоюлуу фактысын ырастоочу документтер менен катар Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан камсыздандырылган ар бир кызматкерге карата маалыматтарды, жумуштуулук жана эмгек акы жөнүндө билдирүү түрүндө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна берүүгө милдеттүү."; (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 93 Мыйзамынын редакцияcына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/161/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/161/st-10)
