# 8-статья. Камсыздандырылган адамдар жөнүндө маалыматтарды берүүнүн эрежелери

- Документ: [Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/161)
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 22-декабрындагы № 154 "Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 154
- Кабыл алынган күнү: 22.12.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.04.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 93 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственного социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/112574)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 26.04.2023 [Закон Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 93 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственного социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/112574); 17.11.2016 [Закон КР от 17 ноября 2016 года № 178 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам государственного социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/111457); 03.08.2015 [Закон КР от 3 августа 2015 года № 212 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111256); 15.07.2009 [Закон КР от 15 июля 2009 года № 220 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О персонифицированном (индивидуальном) учете граждан Кыргызской Республики для целей обязательного государственного социального страхования""](https://aqlex.ai/kg/doc/203156); 21.08.2004 [Закон КР от 21 августа 2004 года N 166 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О персонифицированном (индивидуальном) учете граждан Кыргызской Республики для целей обязательного государственного социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/1566)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/161#diff=1248208..1248209>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/161/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-149/edition/1248197/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/161/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө, 8-статья (08.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/161/st-8

---

Камсыздандырылган адамдар жөнүндө маалыматтар камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга дайыма берилип турат. Иш берүүчүлөр өздөрүндө иштеген, өздөрү алар үчүн мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун камсыздандыруу акыларын төлөгөн адамдар жөнүндө маалымат берет. Маалыматтар бул жалдоочулар камсыздандыруу акыларын төлөөчү катары катталган камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет. Камсыздандыруу акыларын өз алдынча төлөгөн жарандар өзү жөнүндө маалыматты мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун камсыздандыруу акыларын төлөөчү катары өзү катталган жердеги камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өздөрү берет. Эмгектик мамиледе турбаган жарандарга карата маалыматтар Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан белгиленген тартипте башкаруунун тиешелүү мамлекеттик органы тарабынан берилиши мүмкүн. Ушул Мыйзамдын 6-статьясынын экинчи бөлүгүндө каралган маалыматтар Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна документтер менен нускамалардын белгиленген тартипте бекитилген тариздерине ылайык берилет. Көрсөтүлгөн маалыматтар кагазга жазылган, ошондой эле электрондук тариздеги документ түрүндө берилиши мүмкүн. Бул учурда берилген документтердин юридикалык күчү электрондук санариптик колтамга же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка системалар менен ырасталууга тийиш. Жекече эсепке алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна берилген маалыматтардын көчүрмөлөрү иш берүүчүлөрдө жана камсыздандыруу акыларын өз алдынча төлөгөн жарандарда сакталат. Көрсөтүлгөн көчүрмөлөрдү иш берүүчүлөр бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук документтерин сактоо үчүн белгиленген эрежелер боюнча сактоого тийиш. (Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 21-августундагы № 166, 2009-жылдын 15-июлундагы № 220, 2015-жылдын 3-августундагы № 212, 2016-жылдын 17-ноябрындагы № 178, 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 93 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [71-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/161/st-71)  
Кийинки берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/161/st-9)
