# 6-статья. Камсыздандырылган адамдын жекече камсыздандыруу эсеби

- Документ: [Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/161)
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 22-декабрындагы № 154 "Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 154
- Кабыл алынган күнү: 22.12.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.04.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 93 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственного социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/112574)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 26.04.2023 [Закон Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 93 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственного социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/112574); 01.08.2020 [Закон КР от 1 августа 2020 года № 109 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере регистрации актов гражданского состояния"](https://aqlex.ai/kg/doc/112067); 17.11.2016 [Закон КР от 17 ноября 2016 года № 178 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам государственного социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/111457); 04.08.2015 [Закон КР от 4 августа 2015 года № 216 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О персонифицированном (индивидуальном) учете граждан Кыргызской Республики для целей обязательного государственного социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/111260); 03.08.2015 [Закон КР от 3 августа 2015 года № 212 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111256); 15.07.2009 [Закон КР от 15 июля 2009 года № 220 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О персонифицированном (индивидуальном) учете граждан Кыргызской Республики для целей обязательного государственного социального страхования""](https://aqlex.ai/kg/doc/203156); 21.08.2004 [Закон КР от 21 августа 2004 года N 166 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О персонифицированном (индивидуальном) учете граждан Кыргызской Республики для целей обязательного государственного социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/1566)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/161#diff=1248208..1248209>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/161/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-149/edition/1248197/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/161/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө, 6-статья (08.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/161/st-6

---

Ар бир камсыздандырылган адамга Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ыйгарылган идентификациялык жеке номери менен жекече камсыздандыруу эсебин ачат. Камсыздандырылган адамдын жекече камсыздандыруу эсеби төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш.

1) идентификациялык жеке номери;

2) паспорт боюнча аты-жөнү;

3) туулган күнү;

4) жынысы;

5) жарандыгы;

6) паспорттун маалыматтары: сериясы, номери берилген күнү;

7) туруктуу жашаган жери (дареги);

8) үйдөгү телефондун номери;

9) банкта жекече эсеби бар адамдар үчүн банктык реквизиттери;

10) иштеген жери: ишкананын аталышы жана ОКПО боюнча анын коду;

11) Ишинин түрү;

12) билими;

13) камсыздандыруунун түрү;

14) пенсияны дайындоо үчүн жалпы стажга кошулуучу эмгектик жана башка коомдук пайдалуу иш мезгилдери, ошондой эле эмгектин өзгөчө шарттары, Кыргыз Республикасынын алыскы жана бийик тоолуу райондорундагы иш, белгилүү мөөнөт эмгек кылгандыгы, радиоактивдүү булганууга дуушарланган аймактардагы иш менен байланышкан атайын стаж;

15) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык камсыздандыруу акылары чегерилген эмгек акынын же кирешенин суммасы;

16) эсептелген жана төлөнгөн камсыздандыруу акыларынын суммасы, анын ичинде жалдоочунун эсебинен камсыздандыруу акылары жана камсыздандырылган адамдын өзүнүн камсыздандыруу акылары;

161) инвестициялык кирешенин суммасы;

17) жумушсуздук мезгили жана ушул мезгилдеги төлөмдөрдүн суммасы;

18) жалпы эмгек стажына кошулуучу башка иштебеген мезгилдер.

Камсыздандырылган адамдын жекече камсыздандыруу эсебинде камтылган, ушул статьянын экинчи бөлүгүндөгү 14-17-пункттарда аныкталган маалыматтар дайыма такталып жана камсыздандырылган адамдын эмгек ишинин процессинде толукталып турат. Камсыздандырылган адамдын жекече камсыздандыруу эсеби Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунда камсыздандырылган адамдын өмүрү өткөнчө сакталат, ал эми анын көзү өткөндөн кийин пенсиялык иштерди сактоо тартибинде каралган мөөнөттүн ичинде сакталат. Камсыздандырылган адам кайтыш болгон учурда ушул статьянын экинчи бөлүгүндөгү 2-7-пункттарда камтылган маалыматтар тиешелүү жарандык абалдын актыларын жазууну жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы адамдын көзү өткөнүн каттаган күндөн тартып, бир айдын ичинде көрсөтүлгөн жарандык абалдын актыларын жазууну жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун камсыздандыруу акыларын төлөөчү катары катталган Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органына, ал эми камсыздандырылган адамдын пенсиялык топтоолору жөнүндө маалыматтар пенсияларды дайындоо жана төлөө боюнча тиешелүү түзүмгө берилет. Эгерде камсыздандырылган адам каза болсо (же туруктуу жашоого башка өлкөгө кетсе) Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун региондук органдары пенсиялык топтоолорду дайындоо жана төлөө боюнча кызматтарга камсыздандыруу эсебинин топтолуучу бөлүгүндө камтылган маалыматтарды берет. Камсыздандырылган адамдардын жекече камсыздандыруу эсептеринде камтылган маалыматтар купуя маалымат категориясына кирет. (Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 21-августундагы № 166, 2006-жылдын 24-февралындагы № 65, 2009-жылдын 15-июлундагы № 220, 2015-жылдын 3-августундагы № 212, 2015-жылдын 4-августундагы № 216, 2016-жылдын 17-ноябрындагы № 178, 2020-жылдын 1-августундагы № 109, 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 93 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/161/st-5)  
Кийинки берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/161/st-7)
