# 4-статья. Жекече эсепке алууну уюштуруунун принциптери

- Документ: [Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/161)
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 22-декабрындагы № 154 "Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 154
- Кабыл алынган күнү: 22.12.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/161/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-149/edition/1248197/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/161/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө, 4-статья (08.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/161/st-4

---

Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу тутумунда жекече эсепке алуу төмөнкүдөй принциптерге таянат: камсыздандыруу акыларын милдеттүү түрдө төлөө жана камсыздандырылган адамдар жөнүндө маалыматтарды милдеттүү түрдө эсепке алуу; жекече эсепке алууну жүргүзгөн социалдык камсыздандыруу органдарында болгон жекече камсыздандыруу эсептеринин маалыматтары камсыздандырылган ар бир адам үчүн жеткиликтүү болушу; камсыздандырылган адамдар жөнүндө маалыматтарды социалдык жактан коргоо максатында гана пайдалануу; камсыздандырылган адамды эмгек ишинин процессинде жекече эсепке алууну жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын пенсиялык мыйзамдарына ылайык пенсияны дайындоо же кайра эсептөө үчүн көрсөтүлгөн эсепке алуунун маалыматтарын пайдалануу. II глава Жекече эсепке алууну уюштуруу

---

Мурунку берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/161/st-3)  
Кийинки берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/161/st-5)
