# 17-статья. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдарынын жана кызмат адамдарынын, иш берүүчүлөрдүн жана камсыздандырылган адамдардын жоопкерчилиги

- Документ: [Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/161)
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 22-декабрындагы № 154 "Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 154
- Кабыл алынган күнү: 22.12.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.04.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 ноября 2016 года № 178 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам государственного социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/111457)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 17.11.2016 [Закон КР от 17 ноября 2016 года № 178 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам государственного социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/111457); 31.07.2007 [Закон КР от 31 июля 2007 года № 124 "О внесении изменения и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О персонифицированном (индивидуальном) учете граждан Кыргызской Республики для целей обязательного государственного социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/202157); 21.08.2004 [Закон КР от 21 августа 2004 года N 166 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О персонифицированном (индивидуальном) учете граждан Кыргызской Республики для целей обязательного государственного социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/1566)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/161#diff=1248204..1248205>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/161/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-149/edition/1248197/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/161/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө, 17-статья (08.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/161/st-17

---

Ушул Мыйзамга ылайык камсыздандырылган адамдардын жекече камсыздандыруу эсептеринде камтылган маалыматтарды чогултууга, сактоого, берүүгө жана пайдаланууга катышкан Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдарынын жетекчилери, кызмат адамдары маалыматтарды (жекече маалыматтарды) уруксатсыз алуудан коргоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышын камсыз кылууга милдеттүү. Көрсөтүлгөн маалыматтарга жеткиликтүүлүктү мыйзамсыз түрдө чектегендиги же маалыматты коргоонун эреже-тартибин бузгандыгы үчүн күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык, жазыктык, жарандык-укуктук жоопкерчилик тартат. Ушул Мыйзамда каралган анык жана толук көлөмдөгү маалыматтарды берүүдөн качкан жалдоочулар жана камсыздандырылган адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык, жазыктык, жарандык-укуктук жоопкерчилик тартат. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу тутумунда персондоштуруп (жеке) эсепке алууну жүзөгө ашыруу максатында зарыл болгон маалымдоолорду белгиленген мөөнөттөрдө бербегендиги, толук эмес жана (же) такталбаган маалыматтарды бергендиги үчүн жаза чарасы катары каржылык санкция колдонулат: жумуш берүүчүлөргө - отчеттук жылда чегерилген жалпы камсыздандыруу төлөмдөрүнүн 5 пайызы өлчөмүндө; камсыздандыруу төлөмдөрүн өз алдынча төлөгөн жарандарга - отчеттук жылда чегерилген жалпы камсыздандыруу төлөмдөрүнүн 25 пайызы өлчөмүндө. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу тутумунда персондоштуруп (жеке) эсепке алууну жүзөгө ашыруу максатында берилген маалымдоолордо тартип бузуулар аныкталганда Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун региондук органдары төлөөчүлөргө аныкталган тартип бузууларды четтетүү жөнүндө билдирүү жиберет. Төгүм төлөөчүлөр билдирүүдө көрсөтүлгөн талаптарды билдирүү алынган учурдан тартып 15 жумушчу күндөн кеч эмес мөөнөттө четтетүүгө тийиш. Талаптар билдирүүдө белгиленген мөөнөттөрдө четтетилбеген учурда төлөөчүлөргө ушул статьяда каралган каржылык санкциялар колдонулат. Белгиленген сумманы өндүрүп алуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдары тарабынан талашсыз тартипте жүргүзүлөт. (КР 2004-жылдын 21-августундагы № 166, 2007-жылдын 31-июлундагы № 124, 2016-жылдын 17-ноябрындагы № 178 Мыйзамынын редакцияларына ылайык) IV глава Корутунду жоболор

---

Мурунку берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/161/st-16)  
Кийинки берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/161/st-18)
