# 11-статья. Камсыздандыруу акылары жана эмгек стажы жөнүндө маалыматтарды берүү

- Документ: [Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/161)
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 22-декабрындагы № 154 "Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 154
- Кабыл алынган күнү: 22.12.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.04.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 93 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственного социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/112574)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 26.04.2023 [Закон Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 93 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственного социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/112574); 01.08.2020 [Закон КР от 1 августа 2020 года № 109 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере регистрации актов гражданского состояния"](https://aqlex.ai/kg/doc/112067); 17.11.2016 [Закон КР от 17 ноября 2016 года № 178 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам государственного социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/111457); 15.07.2009 [Закон КР от 15 июля 2009 года № 220 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О персонифицированном (индивидуальном) учете граждан Кыргызской Республики для целей обязательного государственного социального страхования""](https://aqlex.ai/kg/doc/203156); 21.08.2004 [Закон КР от 21 августа 2004 года N 166 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О персонифицированном (индивидуальном) учете граждан Кыргызской Республики для целей обязательного государственного социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/1566)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/161#diff=1248208..1248209>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/161/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-149/edition/1248197/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/161/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө, 11-статья (08.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/161/st-11

---

Мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун камсыздандыруу мүчөлүк акыларын төлөөчүлөр өздөрү катталган жердеги камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бухгалтердик эсептин маалыматтарынын негизинде, төлөнүп жаткан камсыздандыруу акылары жөнүндө маалыматтарды, ал эми кадрларды эсепке алуу боюнча буйруктардын жана башка документтердин негизинде эмгек стажы жөнүндө маалыматтарды берет. Иш берүүчү камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өзүндө иштеп жаткан камсыздандырылган ар бир адам жөнүндө белгиленген тариз боюнча иш менен камсыз кылуу жана эмгек акы жөнүндө билдирүү берет. Билдирүү отчеттук ай аяктагандан кийин жана (же) кызматкер бошотулган учурда берилет жана төмөнкүдөй маалыматтарды камтыйт.

1. Идентификациялык жеке номери;

2. камсыздандырылган адамдын аты-жөнү;

3) ишке кабыл алынган күнү (ошол иш берүүчү тарабынан отчеттук мезгилдин ичинде ишке кабыл алынган камсыздандырылган адам үчүн) же жарандык-укуктук мүнөздөгү келишим түзүлгөн күн;

4) бошотулган күн (аталган жалдоочу тарабынан отчеттук мезгилдин ичинде иштен бошотулган камсыздандырылган адам үчүн) же жарандык-укуктук мүнөздөгү келишим токтотулган күн;

5) ишинин мезгилдери (эмгек стажын эсептөө үчүн) жана ишинин түрү, анын ичинде 1-тизмеге киргизилген жана пенсияны дайындоодо жеңилдикке укук берүүчү иштин түрлөрү;

6) отчеттук мезгилдин ичинде бул адамга (орду толтурулбастан) төлөп берүүлөрдүн суммасы;

7) чегерилген камсыздандыруу акыларынын суммасы;

8) камсыздандыруу эсебинин шарттуу бөлүгүнө камсыздандыруу акыларынын төлөнгөн суммасы;

81) камсыздандыруу эсебинин топтолуучу бөлүгүнө камсыздандыруу акыларынын төлөнгөн суммасы;

9) пенсияны жана жөлөкпулду туура дайындоо үчүн зарыл болгон башка маалыматтар.

Ушул статьянын экинчи бөлүгүндө каралган маалыматтар камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ар бир айдын 20сынан кечиктирилбестен Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан аныкталган форма боюнча берилет. Камсыздандырылган ар бир адам жөнүндө маалыматтардын көчүрмөсү иш берүүчү тарабынан аталган адамга ошол эле мөөнөттө берилет. Билдирүүнүн бир нускасы жалдоочуда сакталат. Пенсияга чыгуу жөнүндө арыз берген, камсыздандырылган адамга ушул статьянын экинчи бөлүгүндө каралган маалыматтар арыз берилген күндөн тартып 10 календарлык күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна берилет. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун камсыздандыруу акыларын өз алдынча төлөгөн жаран төмөнкүдөй маалыматтарды берет:

1) Идентификациялык жеке номери;

2) аты-жөнү;

3) мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун камсыздандыруу акылары эсептелген эмгек акынын суммасы;

31) ушул статьянын экинчи бөлүгүнүн 8 жана 8-1-пункттарына ылайык акылардын суммасы;

4) Маалыматтар берилген мезгил;

5) Пенсияны туура дайындоо үчүн зарыл болгон башка маалыматтар; билдирүүнүн талаптарына ылайык камсыздандыруунун түрү, иштин түрү жана башкалар.

Ушул статьянын бешинчи бөлүгүндө каралган маалыматтарды камсыздандыруу акыларын өз алдынча төлөгөн жаран Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна жыл сайын берип турат. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна камсыздандыруу акыларын өз алдынча төлөгөн жаран пенсияга чыгуу жөнүндө арыз берген учурда, бул статьянын бешинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалыматтарды арыз берилген күндөн тартып, 10 календарлык күндүн ичинде берет. (Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 21-августундагы № 166, 2006-жылдын 24-февралындагы № 65, 2009-жылдын 15-июлундагы № 220, 2016-жылдын 17-ноябрындагы № 178, 2020-жылдын 1-августундагы № 109, 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 93 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [101-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/161/st-101)  
Кийинки берене: [111-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/161/st-111)
