1-статья
Күчүн жоготкон · 02.02.2005 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 29 мая 2008 года № 99.
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., N 1, 10-ст.) төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 2-статьянын алтынчы абзацындагы ", райондордо жана областтарда" деген сөздөр алып салынсын.
2. 17-статьянын экинчи бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү алып салынсын.
3. 18-статьяда:
экинчи абзацтагы "областтык," деген сөз алып салынсын; үчүнчү абзацтагы ", райондук" деген сөз алып салынсын.
4. 19-статья төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасында төмөндөгүдөй жергиликтүү кеңештер белгиленет:
- айылдык кеңештер;
- шаарчалык кеңештер;
- шаардык кеңештер (райондук жана областтык маанидеги шаарлардын).".
5. 20-статьянын биринчи бөлүгүндөгү "Областтык, райондук," деген сөздөр алып салынсын.
6. 21-статьянын экинчи бөлүгүндөгү "чакырылат. Областтык кеңештин биринчи сессиясы жергиликтүү кеңештердин депутаттары шайлангандан кийин кеминде үч жумалык мөөнөттөн кечиктирилбестен, калган кеңештердики - " деген сөздөр алып салынсын.
7. 22-статьянын экинчи бөлүгүндөгү "райондо,", "райондук," жана "жогору турган административдик-аймактык деңгээлдеги" деген сөздөр алып салынсын.
8. 23-статьянын экинчи бөлүгүнүн онунчу абзацындагы "жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысына," деген сөздөр алып салынсын.
9. 27-статьянын биринчи бөлүгүндөгү "областтык," жана "райондук жана" деген сөздөр алып салынсын.
10. 29-статьянын экинчи бөлүгүнүн бешинчи абзацындагы "райондук кеңеш тарабынан" деген сөздөр алып салынсын.
11. 31-статьянын төртүнчү бөлүгү төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Жергиликтүү кеңештердин төрагалары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине өтүнүч кат менен кайрылат.".
12. 62-статьяда:
экинчи бөлүктөгү "тиешелүү жергиликтүү кеңештин макулдугу менен жана" деген сөздөр алып салынсын; алтынчы бөлүк алып салынсын.
13. 69-статьянын экинчи бөлүгүндөгү "областтык жана Бишкек шаардык кеңештердин төрагалары" деген сөздөр "Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы" деген сөздөр менен алмашылсын.
Берененин тексти 02.02.2005 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- О местном самоуправлении и местной государственной администрацииЗакон · 12.01.2002 · № 5 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1608/st-1" title="1-статья - О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О местном самоуправлении и местной государственной администрации (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>