# Закон КР от 2 февраля 2005 года №12 " О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О местном самоуправлении и местной государственной администрации"

- Актынын түрү: Закон
- Номери: 12
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.02.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1608>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1539/edition/284810/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1608.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.02.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Закон КР от 2 февраля 2005 года №12 " О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О местном самоуправлении и местной государственной администрации" (02.02.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1608

---

Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 29-майындагы № 99 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары 2005-жылдын 2-февралы N 12

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1608/st-1)

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., N 1, 10-ст.) төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 2-статьянын алтынчы абзацындагы ", райондордо жана областтарда" деген сөздөр алып салынсын.

2. 17-статьянын экинчи бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү алып салынсын.

3. 18-статьяда:

экинчи абзацтагы "областтык," деген сөз алып салынсын; үчүнчү абзацтагы ", райондук" деген сөз алып салынсын.

4. 19-статья төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасында төмөндөгүдөй жергиликтүү кеңештер белгиленет:

- айылдык кеңештер;

- шаарчалык кеңештер;

- шаардык кеңештер (райондук жана областтык маанидеги шаарлардын).".

5. 20-статьянын биринчи бөлүгүндөгү "Областтык, райондук," деген сөздөр алып салынсын.

6. 21-статьянын экинчи бөлүгүндөгү "чакырылат. Областтык кеңештин биринчи сессиясы жергиликтүү кеңештердин депутаттары шайлангандан кийин кеминде үч жумалык мөөнөттөн кечиктирилбестен, калган кеңештердики - " деген сөздөр алып салынсын.

7. 22-статьянын экинчи бөлүгүндөгү "райондо,", "райондук," жана "жогору турган административдик-аймактык деңгээлдеги" деген сөздөр алып салынсын.

8. 23-статьянын экинчи бөлүгүнүн онунчу абзацындагы "жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысына," деген сөздөр алып салынсын.

9. 27-статьянын биринчи бөлүгүндөгү "областтык," жана "райондук жана" деген сөздөр алып салынсын.

10. 29-статьянын экинчи бөлүгүнүн бешинчи абзацындагы "райондук кеңеш тарабынан" деген сөздөр алып салынсын.

11. 31-статьянын төртүнчү бөлүгү төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"Жергиликтүү кеңештердин төрагалары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине өтүнүч кат менен кайрылат.".

12. 62-статьяда:

экинчи бөлүктөгү "тиешелүү жергиликтүү кеңештин макулдугу менен жана" деген сөздөр алып салынсын; алтынчы бөлүк алып салынсын.

13. 69-статьянын экинчи бөлүгүндөгү "областтык жана Бишкек шаардык кеңештердин төрагалары" деген сөздөр "Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы" деген сөздөр менен алмашылсын.

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1608/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев

2004-жылдын 27-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган
