Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 446 «Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 13-сентябры № 464 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 446 "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Текшерилүүгө тийиштүү өлчөө каражаттарынын тизмесин жана өлчөө каражаттарын текшерүүнүн аралыгын актуалдаштыруу максатында, "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 446 "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында өлчөө каражаттарына текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "11. Техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндө колдонулуучу өлчөө каражаттары метрологиялык байкоо жүргүзүүнү жана тактыкты камсыз кылуу зарыл болгон учурда калибрленет."; төмөнкүдөй мазмундагы 211, 212-пункттар менен толукталсын: "211. Эгерде өлчөө каражаты электрондук коргоо бар параметрлерди жөндөө функциясына ээ болсо, анда текшерүүчү электрондук коргоо каражаттарын колдонууга тийиш. Жөндөөнүн параметрлеринин акыркы өзгөртүлгөн күнү жана өзгөртүү жасаган адамдын идентификациясы же ченөө каражаттарын акыркы жөндөөдө түзүлгөн кокустук коду текшерүү тууралуу күбөлүктө жазылууга тийиш.
212. Эгерде туруктуу орнотулган өлчөө каражаттарын кезектеги текшерүүдө механикалык коргоо (пломба) же коргоонун электрондук каражаттары бузулганы аныкталса (акыркы жөндөөнү жүргүзгөн адамдын аты-жөнү жана датасы же өлчөө каражатынын эсинде жөндөөнүн кокустук коду текшерүү жөнүндө мурунку күбөлүктө жазылгандар менен дал келбесе), жараксыздыгы жөнүндө маалымкат таризделет. Жараксыздыктын себеби мурда орнотулган механикалык же электрондук пломбалардын бузулушу катары белгиленет. Жараксыздыгы жөнүндө маалымкаттын көчүрмөсү 3 жумуш күндүн ичинде текшерүү жүргүзгөн орган тарабынан метрологиялык көзөмөл органына жиберилет.";
23-пункт "оттискин түшүрүүгө" деген сөздөрдөн кийин ", механикалык пломбаны орнотууга же электрондук коргоо каражаттары менен жетүүнү чектөөгө" деген сөздөр менен толукталсын; 28-пункт "тарифтер боюнча алдын ала акы төлөө шартында" деген сөздөрдөн кийин "текшерүүнүн натыйжасына карабастан" деген сөздөр менен толукталсын;
2) жогоруда аталган токтомго 3-тиркеме ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров
Тиркеме
"3-тиркеме
Текшерүүгө тийиш өлчөө каражаттарынын тизмеси жана өлчөө каражаттарын текшерүүнүн мезгилдүүлүгү
№
Өлчөө каражаттарынын аталышы
Текшерүүнүн мезгилдүүлүгү
Эскертүү
1. Заттардын келишин, чыгышын, деңгээлин, көлөмүн өлчөө
1
Сүт, вино жана вино материалдары үчүн автоцистерналар
Жылына 1 жолу
2
Нефть продукттары үчүн автоцистерналар
Жылына 1 жолу
3
Отун жана май таркатуучу колонкалар
Жарым жылда 1 жолу
4
Нефть, нефть продукттары үчүн эсептегичтер
Жылына бир жолу
5
Нефть продукттары үчүн резервуарлар
5 жылда 1 жолу
6
Суюлтулган газды таркатуучу колонкалар
Жарым жылда 1 жолу
7
Суюктуктун жана газдын чыгымдарын текшерүүчү орнотмолор
Жылына 1 жолу
8
Ротаметрлер
Жылына 1 жолу
9
Дозаторлор:
пипеткалуу;
Жылына 1 жолу
поршендүү
Жылына 1 жолу
10
Сүт өлчөгүчтөр
Жылына 1 жолу
11
Суусундуктарды берүү үчүн чендер (айнек)
Өндүрүштөн чыкканда
12
Суюк тамак-аш продукттарынын дозаторлору, анын ичинде соода автоматтары
Жарым жылда 1 жолу
13
Спиртти жана башка өнөр жай суюктуктарын жана тамак-аш продукттарын эсептегичтер
Жылына 1 жолу
14
Аспираторлор
Жылына 1 жолу
15
Деңгээлдин сигнализаторлору (автоматтык)
Жылына 1 жолу
16
Суюктукту берүү үчүн чендер (металлдан)
Жылына 1 жолу
17
Сыйымдуулук чендери (айнектен)
Өндүрүштөн чыкканда
18
Көчмө чендер
Жылына 1 жолу
19
1 жана 2-класстагы техникалык чендер (стационардык) жана технологиялык резервуарлар
2 жылда 1 жолу
20
Өнөр жай суу эсептегичтери:
- шарттуу өткөрүү диаметри 15÷20 мм;
5 жылда 1 жолу
- шарттуу өткөрүү диаметри 20 мм жогору
жылына 1 жолу
21
Шарттуу өткөрүү диаметри 15÷20 мм болгон тиричиликтик суу эсептегичтери (ысык жана муздак суу үчүн)
5 жылда 1 жолу
22
Өнөр жай жылуулук эсептегичтери:
- шарттуу өткөрүү диаметри 15÷20 мм;
4 жылда 1 жолу
- шарттуу өткөрүү диаметри 20 мм жогору
Жылына 1 жолу
23
Тиричиликтик жылуулук эсептегичтери
4 жылда 1 жолу
24
Өнөр жай газ эсептегичтери:
- Turbo Flow UFG ультра үндүү;
4 жылда 1 жолу
- мембраналык, турбиналык жана башкалар
Жылына 1 жолу
25
Тиричиликтик газ эсептегичтери
12 жылда 1 жолу
26
Жука капталдуу суу агызгычтар:
- тартылган каналда суунун агымынын режими жай, Фруддун саны 0,60тан аз, суу агызгыч аркылуу суу каптабай агат, жогорку бьефте агындылар чогулбайт, суу өлчөгүч курулмалар бети бетондолгон каналда курулат;
5 жылда 1 жолу
- тартылган каналда суунун агымынын режими жай, Фруддун саны 0,60тан аз, суу агызгыч аркылуу суу каптабай агат, бирок төмөнкү бьефтеги каналдын иштөө шарттарына жараша (ылай басып кетет, чөп басып кетет) кийин аларды суу капташы мүмкүн, жогорку бьефте агындылар чогулбайт, суу өлчөгүч курулмалар бети бетондолгон каналда курулат
3 жылда 1 жолу
27
Тосмосу бар суу агызгычтар, анда тартылган каналда суунун агымынын режими жай, Фруддун саны 0,60тан аз, суунун салыштырмалуу ташып кетиши аз же 0,75ке барабар, жогорку бьефте агындылар чогулбайт, суу өлчөгүч курулмалар бети бетондолгон каналда курулат
4 жылда 1 жолу
28
Чыгым өлчөгүч ноолор, аларда тартылган каналда суунун агымынын режими жай, Фруддун саны 0,60тан аз, суунун салыштырмалуу ташып кетиши 0,75тен аз же ага барабар, жогорку бьефте агындылар чогулбайт, суу өлчөгүч курулмалар бети бетондолгон каналда курулат
3 жылда 1 жолу
29
Атайын азайтуучу түзүлүштөрү бар чыгым эсептегичтер жогорку бьефте суунун агымынын режими жай, кошумча салынган жана жалгаштырылган өткөргүчтөр аркылуу суу ташып агат, курулманын айланасында ири фракциялардын агындылары чогулбайт
3 жылда 1 жолу
30
"Белгиленген нук" тибиндеги чыгым өлчөгүчтөр:
- каналдагы суунун агымынын режими тегиз, курулманын айланасында агындылар чогулбайт, төмөнкү бьефте тирөөч жок, суу өлчөгүч курулмалар бети бетондолгон каналда курулат;
5 жылда 1 жолу
- каналдагы суунун агымынын режими тегиз, курулманын айланасында агындылар чогулбайт, төмөнкү бьефте тирөөч жок, бирок сууну чыгарган каналдын иштөө шарттарына жараша (ылай басып кетет, чөп басып кетет) суу өлчөгүч курулмалар бети бетондолгон каналда курулат
3 жылда 1 жолу
31
Кол, чөйчөк анемометрлер (бардык типтеги)
Жылына 1 жолу
32
Индукциялык анемометрлер (бардык типте)
Жылына 1 жолу
33
Канатчалуу анемометрлер (бардык типте)
Жылына 1 жолу
34
Камералуу, камерасыз диафрагмалар
Жылына 1 жолу
35
Суу агымынын ылдамдыгын өлчөгүчтөр
2 жылда 1 жолу
36
Суу агымынын ылдамдыгын өлчөгүчтү текшерүүчү орнотмолор
2 жылда 1 жолу
37
РУГ тибиндеги деңгээл өлчөгүч гидромелиорациялык рейкалар
2 жылда 1 жолу
38
Электрондук корректорлор - газ эсептегичтер
Жылына 1 жолу
2. Механикалык чоңдуктарды өлчөөлөр
39
Клейковинанын деформациясын өлчөгүч
Жылына 1 жолу
40
Маятниктүу копёрлор
Жылына 1 жолу
41
Салмак өлчөгүч приборлор, түзүлүштөр
Жылына 1 жолу
42
Гирялар:
E1, Е2 класстар;
2 жылда 1 жолу
F, М класстар
Жылына 1 жолу
43
Бардык типтеги динамометрлер
Жылына 1 жолу
44
Динамометрдик ачкычтар
Жылына 1 жолу
45
Сыноочу машиналар
Жылына 1 жолу
46
Гидравликалык пресстер
Жылына 1 жолу
47
Бардык типтеги катуулукту өлчөгүч приборлор
Жылына 1 жолу
48
Пуркалар
Жылына 1 жолу
49
Секунда өлчөгүчтөр
Жылына 1 жолу
50
Саат, механикалык, электрдик, санариптик тахометрлер (бардык типте)
Жылына 1 жолу
51
Бардык типтеги спидометрлер жана тахографтар
2 жылда 1 жолу
52
Шахталык көтөргүчтөрдүн жана локомотивдердин ылдамдыгын өлчөгүчтөр
Жылына 1 жолу
53
Таксометрлер
Жылына 1 жолу
54
Бурчтук жылдыруулардын датчиктери
Жылына 1 жолу
55
Бетондун бекемдигин өлчөгүчтөр
Жылына 1 жолу
56
Айлануу моментин өлчөгүчтөр
Жылына 1 жолу
3. Геометриялык чоңдуктарды өлчөөлөр
57
Метроштоктор
Жылына 1 жолу
58
Лоттору бар рулеткалар
Жылына 1 жолу
59
Узундуктун штрихтүү, анын ичинде тилкелүү чендери
Жылына 1 жолу
60
Шахта интерферометрлери
Жарым жылда 1 жолу
61
Деңгээл өлчөгүчтөр
Жылына 1 жолу
62
Булгаары өлчөгүч машиналар (булгаары шаблондорунун жана лекалосунун аянтын өлчөгүч машиналар)
Жылына 1 жолу
63
Булгаары өлчөгүч шаблондор
Жылына 1 жолу
64
Кездеменин узундугун өлчөө үчүн машиналар жана столдор
Жылына 1 жолу
65
Контролдук электер
Жылына 1 жолу
66
Контролдук жол шаблондор
Жылына 1 жолу
67
Теодолиттер
Жылына 1 жолу
68
Геодезиялык спутник аппараттары
Жылына 1 жолу
69
Узундукту өлчөөчү каражаттары (аяккы чендер, рычагдык-механикалык приборлор, контролдук-өлчөөчү приборлор, оптикалык-механикалык приборлор ж.б.)
Жылына 1 жолу
70
Жалпак бурчтуктарды өлчөө каражаттары
Жылына 1 жолу
71
Түздүктөн жана тегиздиктен четтөөлөрдү өлчөө үчүн каражаттар
Жылына 1 жолу
72
Беттин бодуракайлыгын өлчөө каражаттары
Жылына 1 жолу
73
Курулушта пайдаланылуучу өлчөө инструменттери
Жылына 1 жолу
74
Геодезиялык өлчөө каражаттары
Жылына 1 жолу
75
Прогибомерлер
Жылына 1 жолу
76
Медициналык бой өлчөгүчтөр
Жылына 1 жолу
4. Басымды, вакуумду өлчөөлөр
77
Суюктуктар, буу жана газ үчүн чыгым өлчөгүчтөр жана дифманометрлер (анын ичинде экинчи жолку приборлор)
Жылына 1 жолу
78
Шахтадагы компрессометрлер жана оордук өлчөгүчтөр
2 жылда 1 жолу
79
Көрсөтүүчү, өзү жазуучу жана аралык манометрлер (бардык типтери)
Жылына 1 жолу
80
Сфигмоманометрлер, тонометрлер
Жылына 1 жолу
81
Бардык типтеги жүк поршендүү манометрлер жана мановакуумметрлер
2 жылда 1 жолу
82
Микроманометрлер
2 жылда 1 жолу
83
Жантык түтүктүү микроманометрлер
Жылына 1 жолу
84
Деформациялык манометрлер, вакуумметрлер жана мановакуумметрлер
Жылына 1 жолу
85
Суюктук манометрлер, вакуумметрлер жана мановакуумметрлер
2 жылда 1 жолу
86
Төмөнкү абсолюттук басымдардын манометрлери
Жылына 1 жолу
87
"Сапфир", "Метран", ИПДЦ тибиндеги басым өзгөрткүчтөр
Жылына 1 жолу
88
Дифманометрлерди - чыгым өлчөгүчтөрдү текшерүү үчүн көчмө приборлор
Жылына 1 жолу
89
Барометр-анероид
Жылына 1 жолу
90
Ашыкча басым датчиктери
Паспорттогу маалыматтарга ылайык
91
Барометрлер
Жылына 1 жолу
5. Заттардын физикалык-химиялык курамын жана касиеттерин өлчөө
92
Нефть продукттарынын күйүү температурасын аныктоо үчүн приборлор
2 жылда 1 жолу
93
Бардык типтеги рН-метрлердин комплекттери
Жылына 1 жолу
94
рН-метрлерге, нитрат өлчөгүчтөргө жана анализаторлорго электроддор
Жылына 1 жолу
95
Тыгыздык өлчөгүчтөр
Жылына 1 жолу
96
Май өлчөгүчтөр
Өндүрүштөн чыкканда
97
Вольтамперометрдик полярографтар жана анализаторлор
Жылына 1 жолу
98
Кондуктометрлер
Жылына 1 жолу
99
ГАИ, Инфралит, ГИАМ жана ушул сыяктуу типтеги автомобилдер иштеп чыккан газдын анализаторлору
Жарым жылда 1 жолу
100
Газдалуунун тиричиликтик сигнализаторлору
Жылына 1 жолу
101
АН-7529, ГОУ типтериндеги лабораториялык анализаторлор
Жылына 1 жолу
102
Уулуу, күйүүчү, жарылуу кооптуулугу бар газдардын жана буулардын, дем менен чыккан абадагы этанол бууларынын концентрациясынын сигнализаторлору жана газ анализаторлору
Жарым жылда 1 жолу
103
УГ-2 тибиндеги газ анализаторлоруна сынам алуучу түзүлүштөр
2 жылда 1 жолу
104
ЭТХ-1 тибиндеги термохимиялык эксплозиметрлер (көчмө)
Жарым жылда 1 жолу
105
Түтүн өлчөгүчтөр
Жылына 1 жолу
106
Абадагы чаңдын бөлүкчөлөрүнүн концентрациясын өлчөгүчтөр
Жылына 1 жолу
107
Электр химиялык сенсор менен уулуу газдын сигнализаторлору жана газ анализаторлору
3 айда 1 жолу
108
Хроматографтар
Жылына 1 жолу
109
Бардык типтеги буюмдардын жана материалдардын нымдуулугун өлчөгүчтөр
Жылына 1 жолу
110
Бардык типтеги ион өлчөгүчтөр
Жылына 1 жолу
111
Бардык типтеги ареометрлер
Жылына 1 жолу
112
Шарттуу илээшкектин вискозиметрлери
Жылына 1 жолу
113
Капиллярдык вискозиметрлер
2 жылда 1 жолу
114
Заттардын жана материалдардын курамынын жана касиеттеринин физикалык-химиялык көрсөткүчтөрүн аныктоонун анализаторлору
Жылына 1 жолу
115
Биохимиялык анализаторлор
Жылына 1 жолу
Оптикалык өлчөө системасын пайдаланбастан толук автоматташтырылган анализаторлордон тышкары (өлчөө функциялары менен техникалык түзүлүштөр)
116
Коагулометрлер
Жылына 1 жолу
117
Иммуноферменттик анализаторлор
Жылына 1 жолу
Оптикалык өлчөө системасын пайдаланбастан толук автоматташтырылган анализаторлордон тышкары (өлчөө функциялары менен техникалык түзүлүштөр)
118
Гематологиялык анализаторлор
Жылына 1 жолу
119
Медициналык багыттагы глюкометрлер
Жылына 1 жолу
120
Кондуктометрдик анализаторлор
Жылына 1 жолу
6. Жылуулук-физикалык жана температуралык өлчөөлөр
121
Температуралык лампалар
Жылына 1 жолу
122
Термоэлектрдик температураны өзгөрткүчтөр, термобуулар, каршылык термометрлери
Жылына 1 жолу
123
Газ калориметрлери
Жарым жылда 1 жолу
124
Суюк жана катуу отун үчүн күйгүзүү калориметрлери (В-08М, В-08МА типтериндеги)
Жылына 1жолу
125
Медициналык термометрлер жана тепловизорлор:
- электрондук, контактсыз;
Жылына 1 жолу;
- сымаптык
өндүрүштөн чыкканда
126
Метастатикалыктан тышкары лабораториялык айнек термометрлер
2 жылда 1 жолу
127
Метастатикалык термометрлер
2 жылда 1 жолу
128
Айнек суюктук термометрлери
2 жылда 1 жолу
129
Бардык типтеги термометрлер (суюктуктан тышкары), термоэлектрдик өзгөрткүчтөр, анын ичинде экинчи жолку приборлор
Жылына 1 жолу
130
УВПТ, УТТ жана окшош орнотмолор
Жылына 1 жолу
131
Оптикалык пирометрлер
Жылына 1 жолу
132
Радиациялык пирометрлер
Жылына 1 жолу
133
Психрометрлер
Жылына 1 жолу
134
Психрометрикалык гигрометр (ВИТ-1, ВИТ-2 типтериндеги)
2 жылда 1 жолу
7. Туруктуу жана өзгөрүлмө токтогу электрдик жана магниттик чоңдуктарды өлчөөлөр
135
Үч фазалуу индукциялык жана электрондук электр энергиясын эсептегичтери
4 жылда 1 жолу
136
Бир фазалуу индукциялык жана электрондук электр энергиясын эсептегичтери
8 жылда 1 жолу
137
Микропроцессордук программаланган электр энергиясын эсептегичтери
8 жылда 1 жолу
138
Токтун жана чыңалуунун трансформаторлору:
- 1000 В чейин
4 жылда 1 жолу
- 1000 В жогору
Оңдоодон кийин жана өндүрүштөн чыкканда
139
Обочолотуунун электрдик бекемдигин сыноо, обочолотуунун жана жерге туташтыруунун каршылыгын өлчөө үчүн приборлор
Жылына 1 жолу
140
Туруктуу жана өзгөрүлмө талаанын магниттик индукциясын өлчөгүчтөр
Жылына 1 жолу
141
Электрдин өтүмдүүлүктү жана жоготуу бурчунун тангенсин ченөөлөр жана өлчөгүчтөр
Жылына 1 жолу
142
Ф1-2, Ф1-4 жана ушул сыяктуу типтеги фазанын калибраторлору
Жылына 1 жолу
143
Туруктуу, өзгөрүлмө жана туруктуу-өзгөрүлмө токтун эталондук вольтметрлери
Жылына 1 жолу
144
Эталондук амперметрлер
Жылына 1 жолу
145
Туруктуу, өзгөрүлмө жана туруктуу-өзгөрүлмө токтун эталондук амперметрлери
Жылына 1 жолу
146
Туруктуу, өзгөрүлмө жана туруктуу-өзгөрүлмө токтун эталондук ваттметрлери
Жылына 1 жолу
147
Туруктуу, өзгөрүлмө жана туруктуу-өзгөрүлмө токтун эталондук киловольтметрлери
Жылына 1 жолу
148
Фазометрлер
Жылына 1 жолу
149
Каршылык магазиндери
Жылына 1 жолу
150
Сыйымдуулуктун чендери жана магазиндери
Жылына 1 жолу
151
Токтун жана чыңалуунун эталондук өлчөө трансформаторлору
8 жылда 1 жолу
152
Электр энергиясын эталондук эсептегичтер
2 жылда 1 жолу
8. Радиотехникалык жана радиоэлектрондук өлчөөлөр
153
Электр талаасынын чыңалуусун өлчөө үчүн приборлор
Жылына 1 жолу
154
Энергиянын агымынын тыгыздыгын өлчөгүчтөр
Жылына 1 жолу
155
Кубаттуулукту өлчөгүчтөр жана өлчөгүч бөрктөр
Жылына 1 жолу
156
Бошоңдоп кетүүнү өлчөгүч орнотмолор
Жылына 1 жолу
157
Аттенюаторлор
Жылына 1 жолу
158
Вольтметрлер
Жылына 1 жолу
159
Модуляцияны өлчөгүчтөр (амплитудалык жана жыштыктык)
Жылына 1 жолу
160
Импульстук генераторлорду текшерүүчү орнотмолор
Жылына 1 жолу
161
Тоскоолдуктарды өлчөгүчтөрдү текшерүү үчүн орнотмолор
Жылына 1 жолу
162
Талаа чыңалуусунун өлчөгүчтөрүн текшерүүчү орнотмолор
Жылына 1 жолу
163
Өлчөө линияларын текшерүү жана токтоп турган толкундарды өлчөө үчүн башка приборлорду текшерүүчү чендер жана приборлор
Жылына 1 жолу
164
Бышыктыктын чендери жана өлчөгүчтөрү
Жылына 1 жолу
165
Вольтметрлерди, үндүү, жогорку жана эң жогорку жыштыктагы генераторлорду жана башка жогорку жыштыктагы өлчөгүч приборлорду текшерүүчү приборлор жана орнотмолор
Жылына 1 жолу
166
Электростатикалык талаалардын деңгээлдерин өлчөгүчтөр
Жылына 1 жолу
167
ВИЗИР жана ушуга окшогон типтеги транспорт каражаттарынын ылдамдыгын видеого тартуу менен өлчөгүчтөр
Жылына 1 жолу
168
Жол кыймылынын эрежелерин бузууларды автоматтык фото- жана видеобайкоо системалары
Жылына 1 жолу
9. Убакытты жана жыштыкты өлчөөлөр
169
Ч1-50, Ч1-69, СЧВ-74 тибиндеги жана ушул сыяктуу жыштык чендери
Жылына 1 жолу
170
Ч4-13 тибиндеги жана ушул сыяктуу типтеги убакыт жана жыштыктын эталондук сигналдарын кабыл алгычтар
Жылына 1 жолу
171
Ч3-64, Ч3-65, Ч3-66, Ч3-70 тибиндеги жана ушул сыяктуу жыштыкты өзгөрткүчтөр, жыштыктын синтезаторлору, жыштыкты бөлгүчтөр жана көбөйткүчтөр
Жылына 1 жолу
172
Механикалык жана электрдик секунда өлчөгүчтөрдү, хронометрлерди, хроноскопторду жана убакыт аралыктарын өлчөгүч каражаттарды текшерүү үчүн приборлор жана орнотмолор
Жылына 1 жолу
173
АУПМЧ, АКПЧ-1 типтеги жана башка жыштык өлчөөчү орнотмолор
Жылына 1 жолу
174
Туташтыруу узактыгын өлчөө системасы
Жылына 1 жолу
175
Маалыматтарды берүүнү өлчөө системасы
Жылына 1 жолу
10. Оптикалык жана оптикалык-физикалык өлчөөлөр
176
Диоптриметрлер
Жылына 1 жолу
177
Поляриметрлер
Жылына 1 жолу
178
Рефрактометрлер
Жылына 1 жолу
179
Фотоэлектроколориметрлер
Жылына 1 жолу
180
Айнектин жарык өткөрүүсүн өлчөгүчтөр
Жылына 1 жолу
181
Спектрофотометрлер, жалындуу фотометрлер
Жылына 1 жолу
182
Газ жана суюктук үчүн лабораториялык интерферометрлер
Жарым жылда 1 жолу
183
Көз айнектердин сынамдык топтому
Өндүрүштөн чыкканда
184
Люксметрлер
Жылына 1 жолу
185
Сахариметрлер
Жылына 1 жолу
186
Нефелометрлер
Жылына 1 жолу
11. Виброакустикалык өлчөөлөр
187
Үн өлчөгүчтөр
Жылына 1 жолу
188
Өлчөгүч микрофондор
Жылына 1 жолу
189
Октавалуу, үч октавалуу, ичке тилкелүү электр чыпкалары
Жылына 1 жолу
190
Акустикалык калибраторлор
Жылына 1 жолу
191
Виброметрлер жана виброөлчөгүч өзгөрткүчтөр
Жылына 1 жолу
12. Иондоштуруучу нурлануунун жана ядролук константтардын мүнөздөмөлөрүн өлчөөлөр
192
Иондоштуруучу нурлануулардын дозиметрлери
Жылына 1 жолу
193
Жеке дозиметрлер
Жылына 1 жолу
194
Иондоштуруучу нурланууларды өлчөгүч универсалдык приборлор
Жылына 1 жолу
195
Ренттенометрлер
Жылына 1 жолу
196
Радиометрлер
Жылына 1 жолу
197
Лазердик дозиметрлер
Жылына 1 жолу
198
Селективдүү эмес радиометрлер
Жылына 1 жолу
13. Медициналык багыттагы өлчөө каражаттары
199
Кардиографтар
Жылына 1 жолу
200
УЖЖ
Жылына 1 жолу
201
Электрофорез
Жылына 1 жолу
202
Төмөнкү жыштыктагы терапиялык аппараттар
Жылына 1 жолу
14. Бузбоочу контролдоо үчүн өлчөө каражаттары
203
Калыңдыкты ультраүндүү өлчөгүчтөр
Жылына 1 жолу
204
Бардык типтеги дефектоскоптор
Жылына 1 жолу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасында өлчөө каражаттарына текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-сентябрын- дагы N 446 токтомуна)Положение · 02.09.2019 · № 446
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 446 "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу" токтомуПостановление · 02.09.2019 · № 446
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндөЗакон · 09.07.2014 · № 118