# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-ноябрындагы № 630 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-ноябрындагы № 630 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 630
- Кабыл алынган күнү: 30.11.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.11.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160638>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22517/edition/1292312/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160638.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.11.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-ноябрындагы № 630 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (30.11.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160638

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 30-ноябры № 630

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Мамлекетти туруктуу өнүктүрүү үчүн социалдык-экономикалык мааниге ээ болгон стратегиялык объектилерди тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 3-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 565 "Мамлекеттик маанидеги документтерди жана атайын мамлекеттик бланктарды даярдоонун маселелери жөнүндө" Жарлыгына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегинде:

- "Б" категориясы (маанилүү объектилер)" бөлүмүнүн "Экономика үчүн мааниси бар объектилер жана жогорку кооптуулуктагы объектилер" графасы төмөнкүдөй мазмундагы 15, 16-пункттар менен толукталсын:

"15. "Учкун" ачык акционердик коому.

16. "Гознак" жоопкерчилиги чектелген коому".".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 05-октябрындагы № 96 (3545) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
