# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-ноябрындагы № 629 "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин "Тамга" аскердик-көмөкчү чарбасы" мамлекеттик мекемесин кайра уюштуруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-ноябрындагы № 629 "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин "Тамга" аскердик-көмөкчү чарбасы" мамлекеттик мекемесин кайра уюштуруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 629
- Кабыл алынган күнү: 30.11.2023
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160636>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22516/edition/1292308/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160636.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-ноябрындагы № 629 "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин "Тамга" аскердик-көмөкчү чарбасы" мамлекеттик мекемесин кайра уюштуруу жөнүндө" токтому (04.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160636

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-июлундагы № 398 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 30-ноябры № 629 Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин "Тамга" аскердик-көмөкчү чарбасы" мамлекеттик мекемесин кайра уюштуруу жөнүндө Башкаруу түзүмүн өркүндөтүү жана финансылык каражаттарды натыйжалуу пайдалануу, иштин натыйжалуулугун андан ары жогорулатуу жана контролдоо системасын күчөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 92-95-статьяларына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин "Тамга" аскердик-көмөкчү чарбасы" мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Тамга" аскердик-көмөкчү чарбасы" мамлекеттик ишканасына өзгөртүп түзүү жолу менен кайра уюштурулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Тамга" аскердик-көмөкчү чарбасы" мамлекеттик ишканасынын уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги:

- юридикалык жакты кайра уюштурууга байланыштуу өткөрүп берүү актысын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине бекитүүгө киргизсин;

- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Тамга" аскердик-көмөкчү чарбасы" мамлекеттик ишканасын мамлекеттик кайра каттоону жүргүзсүн;

- бул токтомдон келип чыгуучу уюштуруу жана башка чараларды көрсүн.

4. Тиешелүү мамлекеттик органдар ушул токтомдон келип чыгуучу маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Жапаров
