# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 625 "Кыргыз фондулук биржасы" жана "Борбордук депозитарий" жабык акционердик коомдорунун кошумча чыгарылуучу акцияларын сатып алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 625 "Кыргыз фондулук биржасы" жана "Борбордук депозитарий" жабык акционердик коомдорунун кошумча чыгарылуучу акцияларын сатып алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 625
- Кабыл алынган күнү: 24.11.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.11.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160635>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22515/edition/1292314/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160635.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.11.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 625 "Кыргыз фондулук биржасы" жана "Борбордук депозитарий" жабык акционердик коомдорунун кошумча чыгарылуучу акцияларын сатып алуу жөнүндө" токтому (24.11.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160635

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 24-ноябры № 625

"Кыргыз фондулук биржасы" жана "Борбордук депозитарий" жабык акционердик коомдорунун кошумча чыгарылуучу акцияларын сатып алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-ноябрындагы № 376 "Фондулук рынокту жана биржа ишин андан ары өнүктүрүү чаралар жөнүндө" Жарлыгын аткаруу үчүн, ошондой эле баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүүнү жана чыңдоону активдештирүү боюнча мамлекеттик саясатты ырааттуу жүзөгө ашыруу, баалуу кагаздарга менчик укуктарды коргоо жаатында мамлекеттин ролун чыңдоо, фондулук рынок институттарына ишенимди жогорулатуу жана жагымдуу инвестициялык чөйрөнү түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик 2023-жылдын 25-декабрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте "Кыргыз фондулук биржасы" жабык акционердик коомунун 33,4% өлчөмдөгү жана "Борбордук депозитарий" жабык акционердик коомунун 50%дан кем эмес өлчөмдөгү кошумча чыгарылуучу акцияларын сатып алуу жөнүндө маселени чечсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

1) "Кыргыз Республикасынын 2023-жылга жана 2024-2025-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык "Кыргыз фондулук биржасы" жана "Борбордук депозитарий" жабык акционердик коомдорунун кошумча чыгарылган акцияларын сатып алууга акча каражаттарын карасын;

2) ушул токтомдун шарттарына ылайык "Кыргыз фондулук биржасы" жана "Борбордук депозитарий" жабык акционердик коомдорунун акционери болсун.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-июлундагы № 399 "Кыргыз фондулук биржасы" жабык акционердик коомунун жана "Борбордук депозитарий" жабык акционердик коомунун кошумча чыгарылуучу акцияларын сатып алуу жөнүндө" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 205 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-июлундагы № 399 "Кыргыз фондулук биржасы" жабык акционердик коомунун жана "Борбордук депозитарий" жабык акционердик коомунун кошумча чыгарылуучу акцияларын сатып алуу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 05-октябрындагы № 96 (3545) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
