# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябры № 628 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кесиптик билим берүү жаатындагы айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябры № 628 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кесиптик билим берүү жаатындагы айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 628
- Кабыл алынган күнү: 24.11.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.11.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160632>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22513/edition/1292284/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160632.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.11.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябры № 628 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кесиптик билим берүү жаатындагы айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (24.11.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160632

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 24-ноябры № 628 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кесиптик билим берүү жаатындагы айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерин системалаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 25-апрелиндеги № 245 "Баштапкы кесиптик билим берүү системаларынын иштерин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актылар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Баштапкы кесиптик билим берүүнүн билим берүүчү уюмдары жөнүндө типтүү жободо:

- 8-пунктта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 12-пункттун үчүнчү абзацында "3,5 жылга чейин" деген сөздөр "2-3 жылдан кем эмес" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 38-пунктта "3 жыл" деген сөздөр "2-3 жыл" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 27-июнундагы № 261 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдарынын студенттерине жана окуучуларына стипендиялардын өлчөмдөрүнүн белгилөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-пунктта:

- бешинчи абзацта "жана 2 жылдык" деген сөздөр алып салынсын;

- алтынчы абзацта "3 жылдык" деген сөздөр "2-3 жылдан кем эмес" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 2-пунктта ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Өкмөт" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдө "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2023-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Жапаров
