# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-ноябрындагы № 612 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-ноябрындагы № 612 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 612
- Кабыл алынган күнү: 21.11.2023
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160628>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/160628/edition/1291710/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160628.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-ноябрындагы № 612 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (08.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160628

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-сентябрындагы № 604 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 21-ноябры № 612

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Борборлоштурулган сатып алууларды жүргүзүүнү камсыз кылуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда 61-тиркеме менен толукталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2023-жылга жана 2024-2025-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды ишке ашырууга финансылык каражаттарды карасын.

3. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2023-жылдын 1-августунан тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 93 (3542) саны менен жарыяланды.

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.У. Жапаров |

Begin\_nocompare

|  |  | Тиркеме |
| --- | --- | --- |
|  |  | "61-тиркеме |

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин алдындагы "Сатып алуулар борбору" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга ЭСЕЛӨӨ КОЭФФИЦИЕНТТЕРИ

| № | Кызмат орундарынын аталышы | Эселөө коэффициенттери |
| --- | --- | --- |
| 1 | Директор | 4,48 |
| 2 | Директордун орун басары | 4,21 |
| 3 | Бөлүмдүн башчысы | 3,83 |
| 4 | Башкы адис, башкы аналитик | 3,39 |
| 5 | Жетектөөчү адис, жетектөөчү аналитик | 3,11 |
| 6 | Адис, аналитик | 2,84 |

Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин алдындагы "Сатып алуулар борбору" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерине иштин татаалдыгы, сапаты, натыйжалары, кесиптик демилге көрсөткөндүгү, ченемге салынбаган жумуш күнү үчүн кызматтык маянанын 25%ына чейин пайыздык үстөк төлөнөт деп белгиленсин.". End\_nocompare
