# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-октябрындагы № 546 "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу китептерин даярдоо менен байланышкан сатып алууларды жүзөгө ашыруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-октябрындагы № 546 "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу китептерин даярдоо менен байланышкан сатып алууларды жүзөгө ашыруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 546
- Кабыл алынган күнү: 12.10.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.10.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160611>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22495/edition/1290236/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160611.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.10.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-октябрындагы № 546 "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу китептерин даярдоо менен байланышкан сатып алууларды жүзөгө ашыруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (12.10.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160611

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 12-октябры № 546 Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу китептерин даярдоо менен байланышкан сатып алууларды жүзөгө ашыруу тартибин бекитүү жөнүндө "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 4-бөлүгүнүн 6-пунктун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу китептерин даярдоо менен байланышкан сатып алууларды жүзөгө ашыруу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. "Учкун" ачык акционердик коомуна Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу китептерин даярдоого ыйгарым укук берилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 222 "Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын даярдоо боюнча товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Жапаров
