# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 572 "2024-жылга статистикалык программаны бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 572 "2024-жылга статистикалык программаны бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 572
- Кабыл алынган күнү: 25.10.2023
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160562>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22479/edition/1292772/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160562.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 572 "2024-жылга статистикалык программаны бекитүү жөнүндө" токтому (16.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160562

---

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-декабрындагы N 761 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 25-октябры № 572 2024-жылга статистикалык программаны бекитүү жөнүндө 2024-жылы расмий статистиканы жүргүзүү жана жайылтуу максатында, "Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. 2024-жылга статистикалык программа тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитети, атайын статустагы мамлекеттик бийлик органдары, административдик ведомстволору, жергиликтүү мамлекеттик администрациялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана чарбалык субъекттери (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин тиешелүү органдарына 2024-жылга статистикалык программада каралган мөөнөттөрдө административдик жана жеке маалыматтарды берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2024-жылга республикалык бюджети жана 2025-2026-жылдарга пландык мезгили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин каражаттарынын чегинде каржылоого тиешелүү каражаттарды карасын.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 79 "2022-жылга статистикалык программаны бекитүү жөнүндө" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-декабрындагы № 675 "2023-жылга статистикалык программаны бекитүү жөнүндө" токтому.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2024-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 3-ноябрындагы № 88 (3537) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
