Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Муниципалдык менчикке объекттерди өткөрүп берүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 10-октябры № 536 Муниципалдык менчикке объекттерди өткөрүп берүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги N 151 токтомунун редакциясына ылайык)
Мамлекеттик мүлктү натыйжалуу пайдалануу жана мамлекеттик зайымдык каражаттарды кайтарууну камсыз кылуу максатында, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 6-статьяларына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Оргочор айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин 2023-жылдын 18-январындагы № 54 токтомун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Оргочор айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине "Оргочор" мамлекеттик асыл тукум заводу" мамлекеттик ишканасынын менчигинде турган объекттерди тиркемеге ылайык өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик жана "Оргочор" мамлекеттик асыл тукум заводу" мамлекеттик ишканасы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Оргочор айыл аймагынын айыл өкмөтү менен биргеликте белгиленген тартипте бир айлык мөөнөттө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Оргочор айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берилүүчү негизги каражаттарды кабыл алуу-өткөрүп берүүнү акысыз негизде жүргүзсүн.
3. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Оргочор айыл аймагынын айыл өкмөтүнө белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
- "Оргочор" мамлекеттик асыл тукум заводу" мамлекеттик ишканасынын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы ушул токтом күчүнө кирген датага карата түзүлгөн карызынын калдыгын жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен төлөө;
- ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн өткөрүп берилүүчү объекттерди (мындан ары - өткөрүп берилүүчү объекттер) муниципалдык менчикке кабыл алуу жана алардын сакталышын камсыз кылуу;
- өткөрүп берилүүчү объекттерди максаттуу багыты боюнча так пайдалануу;
- өткөрүп берилүүчү объекттерди мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү;
- өткөрүп берилүүчү объекттерди күтүүнү жана андан ары тейлөөнү жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги N 151 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 17-октябрындагы № 83 (3532) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Оргочор айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 18-январындагы № 54 "Оргочор айыл округунун 2023-жылга карата бюджетин 2024-2025 жылдарга долбоорун бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.01.2023 · № 54
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.