Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 220 „Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2023/2024-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 28 мая 2024 года № 265 "О подготовке отраслей экономики и населения Кыргызской Республики к осенне-зимнему периоду 2024/2025 года"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-05-28.
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-майындагы № 265 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 5-октябры № 519 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 220 "Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2023/2024-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Көмүргө жана мазутка баалардын туура түзүлүшүнө жана аларды чарбакер субъекттер тарабынан колдонулушуна мамлекеттик контролдун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 220 "Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2023/2024-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 5-пункттун 3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) Балыкчы шаарынын жүктөө-түшүрүү аянтчасында темир жол транспортуна көмүрдү кайра жүктөө боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы берген материалдарга (эсептөөлөргө) ылайык белгилесин, ал Көмүр казуучу компаниялардын шериктигинин бардык катышуучуларына жайылтылат;";
2) төмөнкүдөй мазмундагы 5-1-пункт менен толукталсын:
"5-1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы төмөнкүлөргө укуктуу:
1) күйүүчү-майлоочу жана башка сарпталуучу материалдардын наркы өзгөргөн (көбөйгөн же азайган) учурда 5-пункттун 1, 3, 4-пунктчаларына ылайык белгиленген бааларды (кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын) кайра кароого (кайра бекитүүгө);
2) 5-пункттун 1, 3, 4-пунктчаларына ылайык белгиленген бааларды (кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын) түзүүнүн жана колдонуунун тууралыгына мамлекеттик контролду жүзөгө ашырууга.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 220 "Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2023/2024-жылдардын күз-кыш мезгилине…Постановление · 25.04.2023 · № 220 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-майы № 265 "Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2024/2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо…Постановление · 28.05.2024 · № 265 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 28-майындагы №265 токтомуПостановление · 28.05.2024 · № 265
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 220 "Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2023/2024-жылдардын күз-кыш мезгилине…Постановление · 25.04.2023 · № 220 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-майы № 265 "Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2024/2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо…Постановление · 28.05.2024 · № 265 · Күчүн жоготкон