# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 567 "Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 567 "Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 567
- Кабыл алынган күнү: 24.10.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.10.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160554>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22474/edition/1288456/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160554.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.10.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 567 "Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (24.10.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160554

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 24-октябры № 567 Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-декабрындагы № 880 "Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 31-октябрындагы № 87 (3536) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
