# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 569 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү жана уюмдары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 569 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү жана уюмдары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 569
- Кабыл алынган күнү: 25.10.2023
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 07.03.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160551>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22472/edition/1288420/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160551.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.03.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 569 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү жана уюмдары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (07.03.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160551

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 25-октябры № 569 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү жана уюмдары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү жана уюмдары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-пункттун 13-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"13) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык дары каражаттары департаменти жөнүндө жобо жана башкаруу схемасы 24 жана 25-тиркемелерге ылайык;";

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык дары-дармектерди жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификациялоо боюнча департамент жөнүндө жободо:

- Жобонун аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык дары каражаттары департаменти жөнүндө жобо";

- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык дары каражаттары департаменти (мындан ары - Департамент) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ветеринардык дары-дармек каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын, анын ичинде диагностикалык, дезинфекциялоочу, дератизациялоочу, дезакарициддик каражаттарды (мындан ары - ветеринардык багыттагы каражаттар) жүгүртүү чөйрөсүн жөнгө салуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ведомстволук бөлүмү болуп саналат.";

- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5. Департаменттин расмий аталышы:

1) толук аталышы:

- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык дары каражаттары департаменти";

- расмий тилде: "Департамент ветеринарных лекарственных средств при Министерстве сельского хозяйства Кыргызской Республики";

2) Департаменттин кыскартылган аталышы:

мамлекеттик тилде: "ВДКД"; расмий тилде: "ДВЛС".";

- мамлекеттик тилдеги 7-пунктта, 9-пункттун экинчи абзацында, 11-пункттун үчүнчү, төртүнчү абзацтарында, 12-пункттун экинчи абзацында, 13-пунктта, 17-пункттун бешинчи абзацында ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "дары-дармектер" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдө "дары-дармек каражаттары" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 8-пунктта:

мамлекеттик тилдеги экинчи абзацта "дары-дармектерди" деген сөздөр "дары-дармек каражаттарын" деген сөздөргө алмаштырылсын; үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- ветеринардык дары-дармек каражаттарынын, тоют кошулмаларынын, ветеринардык багыттагы каражаттардын сапатын баалоону, каттоону жана мамлекеттик реестрин жүргүзүүнү жана тоюттарды декларациялоону жүзөгө ашыруу.";

- 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"10. Жөнгө салуу функциялары:

- ветеринардык дары-дармек каражаттарын, тоют кошулмаларын ветеринардык багыттагы каражаттарды мамлекеттик каттоону, сапатын баалоону жана тоюттарды декларациялоону жүзөгө ашырат;

- ветеринардык дары-дармек каражаттарынын, тоюттардын, тоют кошулмаларынын жана ветеринардык багыттагы каражаттардын мамлекеттик реестрин жүргүзөт;

- ветеринардык дары-дармек каражаттарынын, тоюттардын, тоют кошулмаларынын жана ветеринардык багыттагы каражаттардын өндүрүлүшүнүн (даярдалышынын), сакталышынын, дүң жана чекене сатылышынын шайкештигине баалоо жүргүзөт;

- баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун кошпогондо, Кыргыз Республикасында өндүрүлүүчү жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келүүчү ветеринардык дары-дармек каражаттарынын, тоют кошулмаларынын, ветеринардык багыттагы каражаттардын сапатына, коопсуздугуна, натыйжалуулугуна, стандарттардын, техникалык регламенттердин, ченемдик укуктук актылардын талаптарына шайкеш келишине карата экспертиза жүргүзөт;

- ветеринардык дары-дармек каражаттарын өндүрүүгө (даярдоого) жана сатууга лицензиялоону жүзөгө ашырат.";

- 14-пункт төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:

"- ветеринардык дары-дармек каражаттарын жана ветеринардык багыттагы каражаттарды жүгүртүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактарды, ошондой эле ветеринардык дары-дармек каражаттарын жүгүртүүгө катышуучу ветеринардык адистерди окутууну жана квалификациясын жогорулатууну жүргүзүүгө жана жыйынтыгы боюнча окуудан же квалификациясын жогорулатуудан өткөндүгүн ырастоочу документти берүүгө;";

- 15-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Директор жок болгон учурда анын милдеттерин убактылуу аткаруу ветеринардык дары-дармек каражаттарын жана тоют кошумчаларын каттоо жана сапатын баалоо боюнча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисине жүктөлөт.";

3) жогоруда аталган токтомдун 25-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 31-октябрындагы № 87 (3536) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров

Тиркеме

"25-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык дары каражаттары департаментинин башкаруу СХЕМАСЫ
