# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-октябрындагы № 583 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кээ бир маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-октябрындагы № 583 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кээ бир маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 583
- Кабыл алынган күнү: 31.10.2023
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160546>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22469/edition/1288306/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160546.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-октябрындагы № 583 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кээ бир маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (02.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160546

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 308 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 31-октябры № 583 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кээ бир маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 24-мартындагы № 66 "Кыргыз Республикасынын айрым мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 12-майындагы № 122 "Мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө санариптик трансформациялоону андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгынын 4-пунктун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кээ бир маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги жөнүндө жободо:

- 10-пунктта:

"ж" пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: "- Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими менен аныкталган мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларды, мекемелерди мамлекеттик башкарууну санариптик трансформациялоонун жалпы процессин ишке ашыруу боюнча ишти координациялайт;"; "и" пунктчасынын сегизинчи абзацында ", атайын" деген сөз алып салынсын;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин башкаруу схемасы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-сентябрындагы № 515 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кээ бир маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомунун 1-пунктунун 2-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги Мамлекеттик башкарууну санариптик трансформациялоонун жалпы процессин ишке ашыруу боюнча ишти координациялоонун алкагында Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жана мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын, мекемелердин өз ара аракеттенүү регламентин бекитсин.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 3-ноябрындагы № 88 (3537) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У . Жапаров

Тиркеме

"Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин башкаруу СХЕМАСЫ

“.
