# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-ноябры № 591 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн калкты каттоо чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-ноябры № 591 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн калкты каттоо чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 591
- Кабыл алынган күнү: 03.11.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.04.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160543>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22466/edition/1288742/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160543.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.04.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-ноябры № 591 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн калкты каттоо чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (12.04.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160543

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 3-ноябры № 591 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн калкты каттоо чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги№ 167 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын жарандарын документтештирүү процессин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 197 "Идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) жөнүндө жободо:

- 3-пункттагы, 6-пункттун алтынчы абзацында "жана анын коду" деген сөздөр алып салынсын.

2. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги

№ 167 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-апрелиндеги № 142 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2020-жылдын үлгүсүндөгү улуттук паспортторунун айрым типтерин киргизүү маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранынын 2020-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту жөнүндө жободо:

- 10-пункттун 1-пунктчасынын он экинчи абзацында, 3-пунктчасынын он экинчи абзацында "жана анын коду" деген сөздөр алып салынсын.

4. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Жапаров
