# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-ноябрындагы № 585 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын ишинин натыйжасы боюнча мамлекетке орду толтурулуучу, бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын депозиттик эсебине түшүүчү акча каражаттарын чегерүү, эсепке алуу жана пайдалануу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-ноябрындагы № 585 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын ишинин натыйжасы боюнча мамлекетке орду толтурулуучу, бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын депозиттик эсебине түшүүчү акча каражаттарын чегерүү, эсепке алуу жана пайдалануу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 585
- Кабыл алынган күнү: 03.11.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.11.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160539>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22463/edition/1289236/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160539.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.11.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-ноябрындагы № 585 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын ишинин натыйжасы боюнча мамлекетке орду толтурулуучу, бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын депозиттик эсебине түшүүчү акча каражаттарын чегерүү, эсепке алуу жана пайдалануу жөнүндө" токтому (03.11.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160539

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 3-ноябры № 585

Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын ишинин натыйжасы боюнча мамлекетке орду толтурулуучу, бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын депозиттик эсебине түшүүчү акча каражаттарын чегерүү, эсепке алуу жана пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын ишинин натыйжасы боюнча мамлекетке орду толтурулуучу акча каражаттарын чегерүүнү жана эсепке алууну тартипке келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 70 "Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү тууралуу" Жарлыгына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын ишинин натыйжасы боюнча мамлекетке орду толтурулуучу, бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын депозиттик эсебине түшүүчү акча каражаттарын чегерүү, эсепке алуу жана пайдалануу жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 15-январындагы № 5 "Республикалык бюджетти колдоо үчүн депозиттик эсепке түшүүчү акча каражаттарын чегерүү, эсепке алуу жана пайдалануу жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 10-ноябрындагы № 89 (3538) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
