Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 „Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү жана уюмдары жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 7 марта 2024 года № 98 "О Министерстве водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-03-07.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 12-сентябры № 458 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү жана уюмдары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Интенсивдүү багбанчылык жана жүзүм өстүрүүчүлүк саясатын ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды аныктоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү жана уюмдары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышындагы ", суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү" деген сөздөр "чарба" деген сөз менен алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаменти жөнүндө жободо:
8-пунктта:
- үчүнчү абзац "себилген үрөнгө" деген сөздөн кийин ", мөмө-жемиш питомниктерине" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"- интенсивдүү багбанчылык жана жүзүм өстүрүүчүлүк жаатындагы саясатты ишке ашыруу.";
- 10-пункттун он тогузунчу абзацындагы "сортторду сыноо, коргоо жана генетикалык ресурстарды сактоо жаатындагы функцияларды ишке ашыруу үчүн" деген сөздөр "Департаменттин ишинин максаттарына жана милдеттерине ылайык" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 76 (3525) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У . Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин ведомстволук…Постановление · 06.08.2021 · № 116
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө"…Постановление · 07.03.2024 · № 98
- Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2025-жылдын 11-январы № 04-13/2 "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба…Приказ · 10.01.2025 · № 04-13/3
- Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаменти жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын…Положение · 06.08.2021 · № 116 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 07.03.24-ж. № 98 токтомуПостановление · 07.03.2024 · № 98
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин ведомстволук…Постановление · 06.08.2021 · № 116
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө"…Постановление · 07.03.2024 · № 98