# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 570 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 75 "2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусунда болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга кошумча ар айлык социалдык жөлөкпул дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 570 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 75 "2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусунда болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга кошумча ар айлык социалдык жөлөкпул дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 570
- Кабыл алынган күнү: 25.10.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.10.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160519>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22451/edition/1286632/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160519.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.10.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 570 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 75 "2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусунда болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга кошумча ар айлык социалдык жөлөкпул дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (25.10.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160519

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 25-октябры № 570 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 75 "2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусунда болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга кошумча ар айлык социалдык жөлөкпул дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу "2021-жылдын апрелинде Кыргыз Республикасынын Баткен облусунда жана 2022-жылдын сентябрында Кыргыз Республикасынын Баткен жана Ош облустарында болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан жарандарды социалдык коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 75 "2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусунда болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга кошумча ар айлык социалдык жөлөкпул дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) аталышы жана 1-пункт "Баткен облусунда" деген сөздөрдөн кийин "жана 2022-жылдын сентябрында Кыргыз Республикасынын Баткен жана Ош облустарында" деген сөздөр менен толукталсын;

2) 2-пункттун 1-пунктчасында:

- биринчи абзацтагы "2021-жылдын 1-октябрынан" деген сөздөр "2023-жылдын 1-августунан" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- курман болгон адамдардын он сегиз жашка чыга элек балдарына, анын ичинде "2021-жылдын апрелинде Кыргыз Республикасынын Баткен облусунда жана 2022-жылдын сентябрында Кыргыз Республикасынын Баткен жана Ош облустарында болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан жарандарды социалдык коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген учурда он сегиз жашка чыга элек жана кол коюлган учурда он сегиз жашка толгон балдарына;"; төртүнчү абзацтагы "ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген" деген сөздөр "майыптыгы бар" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусунда болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга кошумча ар айлык социалдык жөлөкпул дайындоонун жана төлөөнүн тартибинде:

- аталышы, 1, 2-пункттар "Баткен облусунда" деген сөздөрдөн кийин "жана 2022-жылдын сентябрында Кыргыз Республикасынын Баткен жана Ош облустарында" деген сөздөр менен толукталсын;

- 3, 10, 16, 20-пункттардагы "ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген", "Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген" деген сөздөр "майыптыгы бар", "Майыптыгы бар" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 23-пунктта "отуз жети" деген сөздөр "элүү беш" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- Тартиптин тиркемесинде:

үстүнкү оң бурч "Баткен облусунда" деген сөздөрдөн кийин "жана 2022-жылдын сентябрында Кыргыз Республикасынын Баткен жана Ош облустарында" деген сөздөр менен толукталсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2023-жылдын 1-августунан тартып күчүнө кирет.

"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 31-октябрындагы № 87 (3536) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У . Жапаров
