# Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын куралдануусундагы атайын каражаттардын (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-апрелиндеги № 223 токтомуна ылайык) тизмеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын куралдануусундагы атайын каражаттардын (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-апрелиндеги № 223 токтомуна ылайык) тизмеси
- Актынын түрү: Перечень
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 29.04.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.10.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160507>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/43-110/edition/1285675/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160507.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.10.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын куралдануусундагы атайын каражаттардын (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-апрелиндеги № 223 токтомуна ылайык) тизмеси (05.10.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160507

---

1-тиркеме

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-апрелиндеги № 223 токтомуна ылайык)

Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын куралдануусундагы атайын каражаттардын ТИЗМЕСИ

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 523 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Полипропилен, поликарбонат, резина, пластик, дюраль, металл жана башка материалдардан, туюк, түз жана капталында туткасы бар телескопиялык таяктар:

- "Тонфа", ПР-73 жана ага окшогондор.

2. Тешип өтпөй сокку уруучу патрондор жана атылмалар:

- 23 мм "Волна-Р" резина октуу патрон жана ага окшогондор;

- атайын граната аткычтар үчүн сокку уруп-шок кылуучу жана алаксытуучу таасирдеги атылмалар;

- 12 мм, 16 мм, 20 мм, 28 мм, 32 мм резина октуу патрондор жана ага окшогондор;

- 12 мм, 16 мм, 20 мм, 28 мм, 32 мм резина же металл эмес бытыралуу патрондор жана ага окшогондор.

3. Жаш агызуучу газ (дүүлүктүрүүчү таасирдеги атайын каражаттар):

1) аэрозолдук чачыраткычтар:

- "Черемуха-10М"; "Сирень-10"; "Контроль-М", "Контроль-ММ", "Контроль-МК", "Резеда-10", "Резеда-10М" түрүндөгү аэрозолдук чачыраткычтар жана ага окшогондор;

2) ийинге асынуучу аппараттар, жогорку басымдуу чачыраткычтар:

- "РВД" түрүндөгү жогорку басымдуу чачыраткычтар;

- АР-16 "Облако", "Примула" түрүндөгү ийинге асынуучу аэрозолдук чачыраткычтар жана ага окшогондор;

- "Онод" түрүндөгү чачыраткычтар;

- "РВД", АР-16 "Облако", "Примула", "Овод" жана ага окшогон чачыраткычтарга кошулмалар;

3) дүүлүктүрүүчү таасирдеги (жаш агызуучу) кол менен ыргытылуучу гранаталар;

- "Дрейф", РГ-60-А "Дрейф-2" түрүндөгү кол менен ыргытылуучу аэрозолдук гранаталар жана ага окшогондор;

- кол менен ыргытылуучу газдуу (жаш агызуучу) гранаталар;

- кол менен ыргытылуучу түрдүү таасирдеги гранаталар;

- кол менен ыргытылуучу түтүн чыгаруучу гранаталар жана жарылуучу пакеттер;

- дароо таасир этүүчү газдуу жана түтүн чыгаруучу атылмалар;

- "Черемуха-12" күчөтүлгөн кубаттуулуктагы атайын (жаш агызуучу) граната;

- "Сирень-6", "Сирень-12" түрүндөгү кол менен ыргытылуучу дүүлүктүрүүчү таасирдеги газдуу гранаталар жана ага окшогондор;

- "Кроль" түрүндөгү сокку уруп-шок кылуучу дүүлүктүрүүчү таасирдеги кол менен ыргытылуучу гранаталар жана ага окшогондор;

4) дүүлүктүрүүчү (жаш агызуучу), сокку уруп-шок кылуучу таасирдеги патрондор жана атылмалар, газ тапанчалар жана газ патрондорун атуучу мылтыктар:

- "Черемуха-7", "Черемуха-7М" түрүндөгү аралыктан таасир этүүчү газ ( жаш агызуучу) гранатасы бар патрон;

- 23 мм жаш агызуучу заты бар патрон;

- 23 мм "Сирень-7" дүүлүктүрүүчү таасирдеги гранатасы бар патрон;

- 26 мм "Черемуха-4" дүүлүктүрүүчү таасирдеги гранатасы бар патрон;

- 40 мм "Гвоздь" дүүлүктүрүүчү таасирдеги гранатасы бар атылма;

- 38 мм жаш агызуучу газы бар патрон;

- дүүлүктүрүүчү жана сокку уруп-шок кылуучу таасирдеги гранаталары бар атылмалар;

- газдуу патрондор;

- жаракат кылуучу патрондор;

- ок дарылары менен газ тапанчасы;

- 23 мм, 26 мм, 38 мм, 40 мм, 50 мм калибрдеги кыска жана узун найлуу газ патрондорун атуучу мылтыктар, ошондой эле башка калибрдеги тапанчалар;

5) белги берүүчү патрондор:

- 40 мм "СХТ" патрону;

- 26 мм "СП" жарык берүүчү патрону;

- 26 мм "СП" кызыл жарык берүүчү патрону;

- 26 мм "СП" жашыл жарык берүүчү патрону;

- 26 мм эки жылдыздуу кызыл жарык берүүчү патрону;

- 15 мм "СП" кызыл жарык берүүчү патрону;

- 15 мм "СП" жашыл жарык берүүчү патрону;

- 30 мм "УД" жарык берүүчү патрону;

- 40 мм "УД" жарык берүүчү патрону;

- "ДМ-11" түтүн чыгаруучу шашкалар.

6) суунун жогорку басымы астында чачыраган көздөн жаш агызуучу газ.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 523 токтомунун редакциясына ылайык)

4. "Полынь" түрүндөгү пиротехникалык газ генераторлору.

5. БР, БР-С, БКС-1, БОС кол кишендери, кишендер, бир жолу колдонуучу текстилден жасалган кол кишендер жана ага окшогондор.

6. Алаксытуучу таасирдеги жаркылдап-үн чыгаруучу каражаттар:

"Заря-2", "Факел-С" түрүндөгү кол менен ыргытылуучу жаркылдап-үн чыгаруучу гранаталар жана ага окшогондор;

- кол менен ыргытылуучу жаркылдап-үн чыгаруучу гранаталар;

- "Факел" түрүндөгү кол менен ыргытылуучу жаркылдап-үн чыгаруучу көп элементтүү гранаталар жана ага окшогондор;

- "Гном" жана "Туча" түрүндөгү кассеталык элементтерди атуучу жаркылдап-үн чыгаруучу жана түрдүү таасирдеги түзүлүштөр жана ага окшогондор;

- "Пламя" стационардык ыкчам-техникалык каражат;

- жаркылдап-үн чыгаруучу гранатасы бар атылмалар.

7. Тоскоолдуктарды бузуу каражаттары:

- "Ключ", "Импульс" түрүндөгү кичи габариттеги жардыруучу түзүлүштөр жана ага окшогондор;

- ГВ-50 атылмасы жана РГС-50 граната атуучу атайын граната аткыч комплекси үчүн токтотмо түзүлүш.

8. Транспортту мажбурлап токтотуучу каражаттар, тешүүчү тилкелер жана алардан жасалган оролмолор, торлор:

- "Еж", "Диана" автотранспорт токтотуучу түзүлүштөр жана ага окшогондор;

- "Гарпун" автотосмолору;

- АКЛ, АСКЛ, АМКЛ оролмолору;

- МКЛ-1, МКЛ-2, МКЛ-3 модернизацияланган тешүүчү тилкелер;

- (Абзац Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 523 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 523 токтомунун редакциясына ылайык)

9. Суу чачкычтар:

- ар түрдүү модификациядагы суу чачкыч машиналар.

10. Атайын боёчу каражаттар.

11. Кызматтык жаныбарлар (иттер, аттар).

12. Электрдик шок кылуучу түзүлүштөр:

- автономиялуу учкун чыгарган электрдик шок кылуучу түзүлүштөр;

"Тайзер", "АИР-107У" түрүндөгү контакттык-аралыктагы электрдик шок кылуучу түзүлүштөр жана ага окшогондор;

- "ЭШУ-200" түрүндөгү электрдик шок кылуучу аспаптар жана ага окшогондор.

13. Жеке коргонуучу каражаттар:

- "Витраж" соккуга каршы калкан жана ага окшогондор;

- БЗТ-75, БЗС-75, "Забор" түрүндөгү соккуга каршы тактикалык, көчмө, оор салмактагы калкандар жана ага окшогондор;

- ЖЗЛ-74 түрүндөгү коргоочу жеңил күрмөлөр жана ага окшогондор;

- 1-6-класстагы кийимдин сыртынан жана ичинен кийүүчү жашыруун сооттолгон күрмөлөр;

- "Кора", "Модуль", "Корунд", "Штурм", "Базальт" түрүндөгү сооттолгон күрмөлөр жана ага окшогондор;

- жеңилдетилген күрмөлөр;

- жеңилдетилген сооттолгон күрмөлөр;

- "Маска", "ЗШ-1", ССШ-94 "Сфера-С" түрүндөгү ок өтпөс шлемдер жана ага окшогондор;

- ок өтпөс кевлар шлеми;

- СШ-68 октун чачырандысына каршы шлем-каска;

- ПШ-97 "Джета", "Маска-2" түрүндөгү бет калканы менен соккуга каршы шлемдер жана ага окшогондор;

- бет калканы менен соккуга каршы шлемдер;

- аскердик болот каска;

- "Робокоп", "Щиток" түрүндө массалык башаламандыктардагы соккуга каршы костюм жана ага окшогондор;

- соккуга каршы калкандар комплекти;

- колду, бутту, ийинди коргоочу комплекс;

- чыканакты жана тизени коргоочу комплекс;

- чабуулдук коргоочу комплекс;

- "ВЭК-Грот" жардыргыч техниктин коргоочу костюму;

- "Грот" салёрдун коргоочу костюму жана ага окшогондор;

- "Зов" жарылуучу затты зыянсыздандыруу үчүн техникалык каражат;

- түрдүү модификациядагы противогаздар;

- түрдүү модификациядагы химиялык коргоо костюмдары;

- "ВЭК-Щит" сооттолгон көчмө комплекси;

- түрдүү модификациядагы металл издөөчү шаймандар.

- ар кандай модификациядагы композиттик материалдардан жасалган коргоочу шлемдер;

- ар кандай модификациялардагы жогорку молекулалуу полиэтилен булаларынын негизиндеги жука булалуу материалдардан жасалган сооттолгон күрмөлөр.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 523 токтомунун редакциясына ылайык)

14. Кыймылды чектөөчү жана кармоочу каражаттар:

- "Көп функциялуу кармоочу" түрүндөгү кыймылды чектөөчү жана кармоочу каражаттар жана ага окшогондор;

- "Невод" биологиялык объекттеринин кыймылын чектөөчү каражаттар жана ага окшогондор;

- айыпталуучуларды жана соттолгондорду контролдоонун аудиовизуалдык, электрондук жана башка техникалык каражаттары.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 523 токтомунун редакциясына ылайык)

15. Адистештирилген түзүлүштөр жана жабдуулар:

- "Бусел МКР" самолет түрүндөгү учкучсуз учуучу аппараттар жана ага окшогондор;

- "DJI Matrice 300" квадрокоптер түрүндөгү учкучсуз учуучу аппараттар жана ага окшогондор;

- "DJI Mavic 3Т" түрүндөгү квадрокоптер (тепловизор) жана ага окшогондор;

- "ZALA 421-16Е5" түрүндөгү ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө колдонуу үчүн учкучсуз учуучу аппараттар жана ага окшогондор;

- "ГАРПУН-2" түрүндөгү УУА менен күрөшүү боюнча кол комплекси жана ага окшогондор;

- "Купол ПРО" түрүндөгү учкучсуз учуучу аппараттарга радиобайкоо жана каршы аракеттенүү каражаттары жана ага окшогондор;

- "Луч" түрүндөгү учкучсуз учуучу аппараттарга көчмө табуу жана ага каршы аракеттенүү комплекси жана ага окшогондор;

- "Пищаль ПРО" учкучсуз учуучу аппараттарына алып жүрүүчү каршы аракеттенүү комплекси жана ага окшогондор;

- "STUPOR" жарандык багыттагы учкучсуз учуучу аппараттарды электромагниттик жана оптикалык-электрондук басуулардын көчмө комплекси жана ага окшогондор;

- "DJI FeroScope", "DJI Aeroscope Mobile" УУАнын учуулары үчүн чектелген аймакта учкучсуз техникаларды пайдаланууну мүмкүн болгон бузууларга мониторинг жүргүзүү жана аныктоо системасы жана ага окшогондор;

- укук бузууларды жана кылмыштарды фото жана видеофиксациялоо, ошондой эле адамдарды, транспорт каражаттарын аныктоо жана идентификациялоо боюнча автоматташтырылган мобилдик же стационардык аппараттык-программалык комплекстер жана маалыматтык системалар;

- "ZEBRA" түрүндөгү сенсордук экраны бар электрондук түзүлүштөр жана ага окшогондор;

- "VIKEN FIB-120" түрүндөгү портативдик рентген сканери жана ага окшогондор;

- бажы чек арасындагы узун жана локалдуу участокторду кайтаруу үчүн автономдуу белги берүүчү комплекстер;

- убактылуу объекттерди (унаа токтоочу жайлар, кирүү жолдору) кайтарууну уюштуруу, өздүк курамдын жана техниканын жүрүү маршруттарын контролдоо, ыкчам иш-чараларды жүргүзүү үчүн багытталган мобилдик белги берүүчү комплекстер;

- "Кайман" жана "Радиобарьер" мобилдик белги берүүчү комплекстер (билдиргичтер) жана ага окшогондор;

- "Вереск" түрүндөгү табуунун сейсмикалык каражаттары жана ага окшогондор;

- ыкчам байланыш, маалымат берүү жана кабыл алуу, радиомониторинг, контролдоо, бөгөттөө жана санариптик талдоо үчүн багытталган атайын түзүлүштөр жана комплекстер;

- "МОСКИТ" түрүндөгү үзүлмө кабарлагычтар жана ага окшогондор;

- "ДОЗОР 77", "ДОЗОР 78", "РЕВИЗОР Т20 HDD", "Hytera VM780" түрүндөгү видеокаттоочулар жана ага окшогондор.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 523 токтомунун редакциясына ылайык)
