# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-октябрындагы № 581 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 754 "Радио жыштык спектрин пайдалануу боюнча ишти лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-октябрындагы № 581 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 754 "Радио жыштык спектрин пайдалануу боюнча ишти лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 581
- Кабыл алынган күнү: 31.10.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.10.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160501>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22438/edition/1287658/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160501.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.10.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-октябрындагы № 581 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 754 "Радио жыштык спектрин пайдалануу боюнча ишти лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (31.10.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160501

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 31-октябры № 581

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 754 "Радио жыштык спектрин пайдалануу боюнча ишти лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын системалаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 754 "Радио жыштык спектрин пайдалануу боюнча ишти лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Радио жыштык спектрин пайдалануу боюнча ишти лицензиялоо жөнүндө жободо:

- 28-пункт мамлекеттик тилде төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"28. Радио жыштык спектрин пайдаланууга лицензиялар коммерциялык кызыкчылыкта тоорук (конкурс, аукцион) өткөрүүнүн жыйынтыгы боюнча же арыз боюнча берилиши мүмкүн. Тоорук (конкурс, аукцион) өткөрүү шарттары Лицензия берүүчүнүн буйругу менен бекитилет.";

- 49-пункт мамлекеттик тилде төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"49. Уруксаттын мөөнөтү лицензия алынган учурда лицензиянын жарактуулук мезгилине жана өндүрүштүк коммерциялык эмес максатта пайдалануу үчүн баштапкы берилген уруксатта көрсөтүлгөн мөөнөттөргө узартылат.";

- 53-пункттун экинчи абзацында мамлекеттик тилдеги "жөнүндө" деген сөз алып салынсын;

- 113-пунктта мамлекеттик тилдеги "акысыз" деген сөз "акы төлөө" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- жогоруда аталган Жобонун мамлекеттик тилдеги 9-тиркемесинде:

1-таблица төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1-таблица Begin\_nocompare

№

Кызматтын тиби

Жыштык тилкеси

α1\*

1

WLL/CEL (кеңири тилкедеги радио жетүү системалары/уюлдук байланыш системалары)

0дөн 862 МГц чейин

70

2

WLL/CEL (кеңири тилкедеги радио жетүү системалары/уюлдук байланыш системалары)

863төн 960 МГц чейин

60

3

WLL/CEL (кеңири тилкедеги радио жетүү системалары/уюлдук байланыш системалары)

961ден 1880 МГц чейин

40

4

WLL/CEL (кеңири тилкедеги радио жетүү системалары/уюлдук байланыш системалары)

1881ден 2170 МГц чейин

30

5

WLL/CEL (кеңири тилкедеги радио жетүү системалары/уюлдук байланыш системалары)

2171ден 2690 МГц чейин

10

6

WLL (кеңири тилкедеги радио жетүү системалары/уюлдук байланыш системалары)

2691ден 6000 МГц чейин

3

7

WLL (кеңири тилкедеги радио жетүү системалары/уюлдук байланыш системалары)

6000 МГц ашык

1,6

Радио уктуруу кызматтары

8

TV (телекөрсөтүүчү станция)

27

9

RV (радио уктуруучу станция)

18

End\_nocompare Эскертүү: убакыт аралыгына бөлүнгөн каналдар (TDD) менен дуплекс байланыш системасын пайдалануу үчүн эсеп формуласында 0,5 санындагы көбөйтүүчү колдонулат. Bj коэффициент 2 жана 3-таблицаларга жараша эсептелет.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 03-ноябрындагы № 88 (3537) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
