# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябры № 574 "2023-жылдын 8-июнунда Сочи шаарында кол коюлган 2009-жылдын 20-ноябрындагы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинде Товарлардын чыккан өлкөсүн аныктоонун эрежелери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө "

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябры № 574 "2023-жылдын 8-июнунда Сочи шаарында кол коюлган 2009-жылдын 20-ноябрындагы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинде Товарлардын чыккан өлкөсүн аныктоонун эрежелери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө "
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 574
- Кабыл алынган күнү: 25.10.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.10.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160500>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22437/edition/1286016/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160500.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.10.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябры № 574 "2023-жылдын 8-июнунда Сочи шаарында кол коюлган 2009-жылдын 20-ноябрындагы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинде Товарлардын чыккан өлкөсүн аныктоонун эрежелери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө " (25.10.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160500

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 25-октябры № 574 2023-жылдын 8-июнунда Сочи шаарында кол коюлган 2009-жылдын 20-ноябрындагы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинде Товарлардын чыккан өлкөсүн аныктоонун эрежелери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. 2023-жылдын 8-июнунда Сочи шаарында кол коюлган 2009-жылдын 20-ноябрындагы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинде Товарлардын чыккан өлкөсүн аныктоонун эрежелери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу тиркелген протокол бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине жогоруда аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Жапаров
