# 95-статья. Мамлекеттик мелиоратив кадастры

- Документ: [Суу Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1605)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-январындагы № 8 "Суу Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 июня 2025 года № 129 "О введении в действие Водного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029016)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-95>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-24/edition/1201409/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1605/st-95.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Суу Кодекси, 95-статья (27.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-95

---

1. Мамлекеттик мелиоратив кадастры суу объектилери жана администрациялык-аймактык бөлүнүү жагынан алганда сугат жерлеринин мелиорациялык абалы жөнүндөгү маалыматтардын иретке салынган жыйнагын билдирет жана төмөндөгүлөрдүн негизинде белгиленет:

- байкоо жүргүзүлүүчү иштеп жаткан бардык скважиналар боюнча жер астындагы сууларды минералдаштыруу тууралу маалыматтардын;

- отчеттук жана андан мурунку жылдардагы сугат жерлердин шор басып кетишинин сүрөтүн алуулардын маалыматтарын;

- сезондук өзгөрүүлөрдүн өзгөчөлүктөрүн жана андан мурунку жылдардын статистикасын эске алуу менен байкоо жүргүзүлүүчү скважиналар боюнча жер астындагы суулардын деңгээлинин өзгөрүшү тууралу маалыматтардын.

2. Мамлекеттик мелиоратив кадастры Мамлекеттик суу администрациясы тарабынан Кыргыз Ресйубликасынын Өкмөтү бекитүүчү жобого ылайык жүргүзүлөт.

3. Мамлекеттик суу администрациясы, менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабастан, ишканалардан, мекемелерден, уюмдардан жана суу пайдалануучу жарандардан мамлекеттик мелиоратив кадастрын жүргүзүүгө керек болгон маалыматтарды тоскоолдуксуз жана акысыз алууга укугу бар.

---

Мурунку берене: [94-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-94)  
Кийинки берене: [96-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-96)
