# 91-статья. Суу объектилерине келтирилген зыян үчүн жарандардын жана юридикалык жактардын жоопкерчилиги

- Документ: [Суу Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1605)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-январындагы № 8 "Суу Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 июня 2025 года № 129 "О введении в действие Водного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029016)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-91>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-24/edition/1201409/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1605/st-91.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Суу Кодекси, 91-статья (27.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-91

---

1. Алынбай калган пайданы камтуу менен суу объекттерине юридикалык жана жеке жактар тарабынан келтирилген зыян ыктыярдуу түрдө же соттун чечимине ылайык калыбына келтирилет.

2. Кыргыз Республикасынын суу мыйзамдарын бузуу менен суу объекттерине келтирилген зыянды калыбына келтирүү боюнча доо Мамлекеттик суу инспекциясы жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан коюлат.

3. Калыбына келтирилген зыяндын суммасы Кыргыз Республикасынын республикалык же жергиликтүү бюджеттерине которулат.

4. Кыргыз Республикасынын суу мыйзамдарын бузуунун натыйжасында суу объекттерине келтирилген зыянды калыбына келтирүүнүн шарттары жана тартиби ушул Кодекс жана ага ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик-укуктук актылары менен жөнгө салынат.

---

Мурунку берене: [90-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-90)  
Кийинки берене: [92-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-92)
