# 84-статья. Ирригациялык, дренаждык тутумдарга жана суу чарба курулмаларына болгон менчик

- Документ: [Суу Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1605)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-январындагы № 8 "Суу Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 июня 2025 года № 129 "О введении в действие Водного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029016)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 декабря 2021 года № 151 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Водный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "Об объединениях (ассоциациях) водопользователей и союзах ассоциаций водопользователей")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112329)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1605#diff=1201417..1201418>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-84>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-24/edition/1201409/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1605/st-84.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Суу Кодекси, 84-статья (27.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-84

---

1. Ирригациялык, дренаждык тутумдар жана суу чарба курулмалары мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчикте болушу мүмкүн.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Мамлекеттик суу администрациясынын сунушу боюнча мамлекеттик ирригациялык, дренаждык тутумдардын жана суу чарба курулмаларынын тизмесин бекитет жана мезгил-мезгили менен кайра карап турат.

3. Бирден ашык суу пайдаланууну тейлөөчү же тейлеши мүмкүн болгон райондор аралык, областтар аралык жана мамлекеттер аралык маанидеги ирригациялык, дренаждык тутумдар жана суу чарба курулмалары жалаң гана мамлекеттин менчигинде болот.

4. Мамлекеттик суу чарба органдары тарабынан эксплуатациялануучу жана суу пайдалануучулардын бир гана ассоциациясы тарабынан тейленүүчү ирригациялык, дренаждык тутумдар жана алардын бөлүктөрү (канал, дрена, коллектор же суу сактагыч), ошондой эле алар ээлеген суу фондунун жерлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте ушул ассоциациянын менчигине өткөрүп берилиши мүмкүн.

5. Ирригациялык, дренаждык тутумдар жана суу чарба курулмалары төмөнкүдөй учурларда муниципалдык объекттеринин статусуна ээ боло алат:

- суу пайдалануучулар ассоциациясы суу пайдалануучулардын жалпы чогулушунун чечиминин негизинде ирригациялык, дренаждык тутумдарыды жана суу чарба курулмаларын муниципалдык менчикке берүү жөнүндө чечимди ыктыярдуу түрдө кабыл алганда.;

- ирринациялык, дренаждык тутумдар жана суу чарба курулмалары ушул Кодекстин 161-статьясында белгиленген шарттарды сактаганда жергиликтүү бюджеттердин эсебинен түзүлгөндө жана эксплууатацияланганда.

(КР 2021-жылдын 10-декабря № 151 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [83-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-83)  
Кийинки берене: [85-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-85)
