# 79-статья. Ирригация жана дренаж боюнча комиссия

- Документ: [Суу Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1605)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-январындагы № 8 "Суу Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 июня 2025 года № 129 "О введении в действие Водного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029016)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-79>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-24/edition/1201409/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1605/st-79.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Суу Кодекси, 79-статья (27.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-79

---

1. Ирригация жана дренаж боюнча комиссиялар республикалык, бассейндик жана райондук деңгээлде:

- ирригациялык жана дренаждык тутумдардын өткөн сугат сезонундагы эксплуатациялык сапатын текшерүү жана кийинки сезондо эксплуатациялоо жана техникалык жактан тейлөө боюнча рекомендацияларды берүү үчүн;

- кезектеги сугат сезонунда ирригациялык жана дренаждык тутумдарды эксплуатациялоо жана техникалык жактан тейлөө боюнча рекомендациялардын аткарылышына көзөмөлдүк киргизүү үчүн;

- мелиорация жана сугат маселелери боюнча сугат сууларын пайдалануучулардын иш-аракеттерин координациялоо үчүн;

- өзүнүн компетенциясына тийиштүү маселелер боюнча консультацияларды берүү үчүн түзүлөт.

2. Ирригация жана дренаж боюнча республикалык комиссияны Мамлекеттик суу администрациясынын жетекчиси башкарат жана ага аймактык органдарынын жетекчилерин башка суу берүүчүлөр, сугат сууларын пайдалануучулардын өкүлдөрү кирет. Ирригация жана дренаж боюнча республикалык комиссиянын курамын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет. Ирригация жана дренаж боюнча республикалык комиссия республикалык жана мамлекеттер аралык маанидеги ирригациялык жана дренаждык тутумдардын эксплуатациялык сапаттарын текшерүүнү жүргүзөт.

3. Ирригация жана дренаж боюнча бассейндик комиссияны Мамлекеттик суу администрациясынын тиешелүү бассейндик органынын жетекчиси башкарат жана суу берүүчүлөрдү, сугат сууларын пайдалануучулардын өкүлдөрүн камтууга тийиш. Ирригация жана дренаж боюнча бассейндик комиссиянын курамы Мамлекеттик суу администрациясы тарабынан бекитилет. Ирригация жана дренаж боюнча бассейндик комиссия бассейндик маанидеги ирригациялык жана дренаждык тутумдардын эксплуатациялык сапаттарын текшерүүнү жүргүзөт.

4. Ирригация жана дренаж боюнча райондук комиссияны мамлекеттик ирригациялык тутумдарды эксплуатациялоо жана техникалык жактан тейлөө боюнча тиешелүү райондук уюмдун жетекчиси башкарат жана сугат сууларын пайдалануучулардын өкүлдөрү камтыйт. Ирригация жана дренаж боюнча райондук комиссиянын курамы Мамлекеттик суу администрациясы тарабынан бекитилет. Ирригация жана дренаж боюнча райондук комиссия жергиликтүү маанидеги ирригациялык жана дренаждык тутумдардын эксплуатациялык сапаттарын текшерүүнү жүргүзөт.

---

Мурунку берене: [78-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-78)  
Кийинки берене: [80-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-80)
