# 78-статья. Плотиналарды каттоодон өткөрүү

- Документ: [Суу Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1605)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-январындагы № 8 "Суу Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 июня 2025 года № 129 "О введении в действие Водного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029016)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-78>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-24/edition/1201409/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1605/st-78.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Суу Кодекси, 78-статья (27.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-78

---

1. Плотина ээси же аны пайдаланучу ушул Кодекс күчүнө кирген күндөн тартып алты айдын ичинде аны каттоо үчүн Мамлекеттик суу администрациясына арыз берүүгө милдеттүү. Каттоого арыз белгиленген форма боюнча берилет жана плотинанын ээси же пайдалануучусу, плотинанын жайгашкан жери жана өлчөмү, конструкциясынын бөлүктөрү жөнүндө маалыматтарды жана башка зарыл маалыматтарды камтыйт.

2. Мамлекеттик суу администрациясы Кыргыз Республикасынын плотиналарын каттоону ишке ашырат жана маалыматтар банкын жүргүзөт, анда ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтар камтылат.

3. Плотинанын ээси же пайдалануучусу плотинанын конструкциялык элементтеринин ишиндеги ар кандай өзгөрүүлөрдү жана аныкталаган кемчиликтерди толук баяндоо менен, ошондой эле аны эксплуатациялоодогу кемчиликтерди жана проблемаларды көрсөтүү менен аны күтүү жана техникалык жактан тейлөө боюнча Мамлекеттик суу администрациясына жылдык отчет берет.

---

Мурунку берене: [77-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-77)  
Кийинки берене: [79-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-79)
