# 77-статья. Плотиналардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча комиссия

- Документ: [Суу Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1605)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-январындагы № 8 "Суу Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 июня 2025 года № 129 "О введении в действие Водного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029016)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-77>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-24/edition/1201409/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1605/st-77.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Суу Кодекси, 77-статья (27.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-77

---

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү көз карандысыз техникалык орган катары плотиналардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча комиссия түзөт.

2. Плотиналардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча комиссия плотиналарга жүргүзүлгөн инспекциянын натыйжасы боюнча Мамлекеттик суу администрациясына чараларды көрүү үчүн рекомендацияларды берет. Мамлекеттик суу администрациясы мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдарды болтурбоо максатында аткаруу үчүн милдеттүү болгон ремонт же курулуш иштерин жүргүзүү жөнүндө плотина ээлерине же пайдалануучуларына көрсөтмөлөр берет.

3. Плотиналардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча комиссия плотиналарды инспекциялоо боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана белгиленген тартипте аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берет.

4. Плотиналардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча комиссия коопсуздук жөнүндө отчет даярдайт жана аныкталган кемчиликтерди четтетүү боюнча:

- республикалык маанидеги плотиналар үчүн беш жылда кеминде бир жолу;

- бассейндик маанидеги плотиналар үчүн он жылда кеминде бир жолу;

- райондук маанидеги плотиналар үчүн - он беш жылда кеминде бир жолу рекомендация берип турат.

---

Мурунку берене: [76-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-76)  
Кийинки берене: [78-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-78)
