# 76-статья. Плотиналарды квалификациялоо

- Документ: [Суу Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1605)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-январындагы № 8 "Суу Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 июня 2025 года № 129 "О введении в действие Водного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029016)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-76>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-24/edition/1201409/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1605/st-76.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Суу Кодекси, 76-статья (27.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-76

---

1. Кыргыз Республикасынын плотиналары, анын ичинде гидроэнергетикалык багыттагылар Мамлекеттик суу администрациясы сунуш кылган жана Суу боюнча улуттук кеңеш бекиткен критерийлерге ылайык төмөнкүдөй үч категорияга бөлүнөт:

- республикалык маанидеги плотиналар;

- бассейндик маанидеги плотиналар;

- райондук маанидеги плотиналар.

2. Плотиналарды квалификациялоо үчүн критерийлер төмөнкүлөргө негизденет:

- плотинанын бийиктигине;

- топтолуучу суунун көлөмүнө;

- плотина бузулган учурда коомчулук, мүлк жана суу ресурстарынын сапаты үчүн коркунучка;

- плотина бузулган учурдагы потенциалдык чыгымдардын өлчөмүнө жана мүмкүн болуучу зыянга;

- суунун сапатынын мүмкүн болгон өзгөрүшүнө;

- плотиналар бузулган учурда социалдык-экономикалык таасирлерге;

- плотинанын мамлекеттер аралык маанисине.

3. Мамлекеттик суу администрациясынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү республикалык, бассейндик жана райондук маанидеги плотиналарды эксплуатациялоону жана техникалык тейлөөнү өркүндөтүү боюнча инспекцияны, мониторингди жана чара көрүүнү уюштуруу тартибин аныктайт.

---

Мурунку берене: [75-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-75)  
Кийинки берене: [77-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-77)
