# 73-статья. Өзгөчө кырдаалдар учуруна карата чараларды пландоо

- Документ: [Суу Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1605)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-январындагы № 8 "Суу Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 июня 2025 года № 129 "О введении в действие Водного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029016)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-73>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-24/edition/1201409/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1605/st-73.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Суу Кодекси, 73-статья (27.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-73

---

1. Мамлекеттик суу администрациясы өзгөчө кырдаалдар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен бирдикте Бассейндик пландардын жана мурунку жылдардагы маалыматтардын негизинде аймактардагы суу ташкындары, селдер жана жер көчкүлөр учурларына карай иш-чаралардын планын даярдайт жана мезгил-мезгили менен жаңылап турат.

2. Суу ташкыны, сел жана жер көчкү жүрүү учуруна карата пландар төмөнкүлөрдү аныктайт:

- суу ташкыны, сел жана жер көчкү жүрүү коркунучу жөнүндө калкка кабарлоо жана эскертүү үчүн маалыматтардын тутумун;

- суу ташкыны, сел жана жер көчкү жүрүү учуруна карата пландарды аткарууга жооптуу мамлекеттик органдарды;

- жарандык калкты эвакуациялоо боюнча иш-чаралардын тутумун;

- эвакуацияланган адамдарды тамак-аш жана турак-жай менен камсыз кылуу боюнча иш-чараларды жана аларды ишке ашыруу механизмдерин.

3. Өзгөчө кырдаалдарды жоюу жол-жобосу жана тартиби "Калкты жана аймактарды табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башка ченемдик-укуктук актылары менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [72-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-72)  
Кийинки берене: [74-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-74)
