# 72-статья. Суу ташкынынан, селден жана жер көчкүдөн коргонуу

- Документ: [Суу Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1605)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-январындагы № 8 "Суу Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 июня 2025 года № 129 "О введении в действие Водного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029016)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-72>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-24/edition/1201409/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1605/st-72.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Суу Кодекси, 72-статья (27.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-72

---

1. Бассейндик план суу ташкындары, селдер жана жер көчкүлөр жүрүшү мүмкүн болгон коркунучтуу аймактарды жана суу ташкынынын, сел жана жер көчкүнүн адам өмүрү жана мүлк үчүн коркунучунун алдын алуу же аны эң азайтуу үчүн ушундай аймактарда тыюу салынууга же чектелүүгө тийиш болгон иш-аракеттердин түрлөрүн аныктайт.

2. Бассейндик планга ылайык ушул статьянын 1-пунктунда белгиленген аймактарда төмөнкүлөргө тыюу салынат:

- Мамлекеттик суу администрациясынын жазуу жүзүндөгү макулдугусуз мүмкүн болгон суу ташкыны, сел жана жер көчкү жүрүү коркунучу бар аймактарда имараттарды жана курулмаларды курууга;

- суу ташкынына, сел жана жер көчкү жүрүүгө алып келүүчү иш-аракеттердин белгилүү түрлөрүн Мамлекеттик суу администрациясынын жазуу жүзүндөгү уруксатысыз жүргүзүүгө.

3. Мамлекеттик суу администрациясы өзгөчө кырдаалдар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен бирдикте калкты жана өнөр жай зоналарын, адам өмүрүн жана мүлктү, айыл чарба жерлерин суу ташкындарынын жана селдердин коркунучунан коргоо боюнча курулмаларды куруу жана эксплуатациалоо боюнча жыл сайын программаларды жана пландарды иштеп чыгат. Мындай программалар жана пландар Суу боюнча улуттук кеңешке берилүүгө тийиш, ал аларды каржылоо булактары менен камсыз кылууну эске алып чечим чыгарат.

---

Мурунку берене: [71-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-71)  
Кийинки берене: [73-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-73)
