# 71-статья. Суу ташкыны, кургакчылык, сел жана жер көчкү жүрүү жөнүндө маалымдоонун жана эскертүүнүн бирдиктүү тутуму

- Документ: [Суу Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1605)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-январындагы № 8 "Суу Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 июня 2025 года № 129 "О введении в действие Водного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029016)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-71>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-24/edition/1201409/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1605/st-71.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Суу Кодекси, 71-статья (27.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-71

---

1. Мамлекеттик суу администрациясынын, өзгөчө кырдаалдар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана гидрометрология боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жергиликтүү, бассейндик жана улуттук маанидеги суу ташкындарынын, кургакчылыктын, сел жана жер көчкүнүн мүмкүн болуучу жакынкы жана орто мөөнөттүү коркунучтары жөнүндө мамлекеттик органдарга жана коомчулукка эскертүү үчүн суу ташкыны, кургакчылык, сел жана жер көчкү жөнүндө маалыматтардын бирдиктүү тутумун түзөт.

2. Суу ташкыны, кургакчылык, сел жана жер көчкү жөнүндө маалыматтардын бирдиктүү тутуму:

- суу ташкыны, сел жүрүүлөр жана жер көчкүлөр жөнүндөгү;

- кургакчылык жөнүндөгү;

- табигый суу объектилеринин, анын ичинде бийик тоолуу көлдөрдүн абалы жана туруктууулугу жөнүндөгү;

- негизги суу чарба курулмаларынын, анын ичинде суу сактагычтардагы плотиналардын жана дарыялардагы коргоочу дамбалардын абалы жана туруктуулугу жөнүндөгү;

- калк үчүн суу ташкындарынын, кургакчылыктын, сел жүрүү жана жер көчкү коркунучу жүнүндөгү акыркы жылдардагы маалыматты жана прогнозду камтыйт.

3. Мамлекеттик суу администрациясынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Суу ташкыны, кургакчылык, сел жана жер көчкү жүрүү жөнүндө улуттук маалымат тутумунда камтылуучу маалыматтарды таратуу жөнүндө жобону бекитет.

---

Мурунку берене: [70-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-70)  
Кийинки берене: [72-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-72)
