# 68-статья. Жер астындагы сууларды коргоо зоналары

- Документ: [Суу Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1605)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-январындагы № 8 "Суу Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 июня 2025 года № 129 "О введении в действие Водного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029016)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-68>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-24/edition/1201409/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1605/st-68.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Суу Кодекси, 68-статья (27.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-68

---

1. Жер астындагы суулардын булганышы үчүн ыңгайлуу аймак жер астындагы сууларды коргоо зонасы болуп эсептелет. Жер астындагы сууларды коргоо зоналары Мамлекеттик суу администрациясынын жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

2. Жер астындагы сууларды коргоо зоналарында чарбалык жана башка иш-аракеттерди жүргүзүүнү чектөө жана тыюу салуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат, ал төмөнкүлөрдү камтыйт:

- агын суулар менен жер сугаруу;

- жер астындагы суулардан суу алуу;

- эриткичтерди же химикаттарды пайдаланган же сактаган өнөр жай же коммерциялык ишканаларды эксплуатациялоону;

- таштандыларды жайгаштырууну;

- Мамлекеттик суу администрациясынын жана гидрогеология боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу менен Кыргыз Респубдакасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу иш-аракеттердин башка түрлөрү.

---

Мурунку берене: [67-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-67)  
Кийинки берене: [69-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-69)
