# 67-статья. Агым түзүлүүчү зоналар

- Документ: [Суу Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1605)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-январындагы № 8 "Суу Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 июня 2025 года № 129 "О введении в действие Водного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029016)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 ноября 2017 года № 193 "О внесении изменений в Водный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111700)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1605#diff=1201414..1201415>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-67>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-24/edition/1201409/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1605/st-67.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Суу Кодекси, 67-статья (27.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-67

---

1. Дарыялар куралган аймак агым түзүлүүчү зона болуп эсептелет. Агым түзүлүүчү зоналар Мамлекеттик суу администрациясынын жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

2. Ушул Кодекстин 62-статьясында каралган учурларды кошпогондо, агым түзүлүүчү зоналарда төмөнкүлөргө тыюу салынат:

- калдык сактоочу жайларды, таштанды чогултуучу жерлерди, көрүстөндөрдү, малдын өлүктөрү көмүлгөн жерлерди жана суу ресурстарынын сапатына зыяндуу таасир көрсөтүшү мүмкүн болгон башка чарбалык объекттерди жайгаштырууга;

- суу объекттерин каптаган музду, мөңгүлөрдү жана карлуу жерлерди өндүрүштүк, тиричиликтик жана башка калдыктар менен булгоого, ошондой эле аларды нефть продуктылары, уу химикаттар жана башка зыяндуу заттар менен булгоого.

3. Агым түзүлүүчү зоналарда чарбалык жана башка иш-аракеттерди жүргүзүүнү чектөө жана тыюу салуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

(КР 2017-жылдын 23-ноябрындагы N 193 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [66-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-66)  
Кийинки берене: [68-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-68)
