# 66-статья. Санитариялык коргоо зоналары

- Документ: [Суу Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1605)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-январындагы № 8 "Суу Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 июня 2025 года № 129 "О введении в действие Водного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029016)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-66>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-24/edition/1201409/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1605/st-66.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Суу Кодекси, 66-статья (27.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-66

---

1. Санитариялык коргоо зоналары, ичилүүчү жана чарбалык-тиричиликтик суу менен жабдуу үчүн, ошондой эле дарылоо максаттары үчүн жер бетиндеги жана жер астындагы суу объектилеринен суу топтоо үчүн пайдаланылган, суу объектилерин жана суу чарба курулмаларын курчай белгиленет. Санитариялык коргоо зоналары суу объектисинин өзүн камтуу менен тиешелүү суу чарба курулмасынын тегерегиндеги аймакты ээлейт.

2. Санитариялык коргоо зоналарынын жайгашкан жери, өлчөмү жана режими басссейндик пландын жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, санитариялык-эпидемиологиялык орган менен макулдашылган иштелип чыккан долбоордун негизинде жергиликтүү мамлекеттик администрациянын тиешелүү органы тарабынан аныкталат.

3. Санитариялык коргоо зоналарынын өлчөмдөрүн, жайгашкан ордун жана режимин аныктоо тартиби жөнүндө жобо ыйгарым укуктуу мамлекеттик санитария-эпидемиологиялык орган тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитет.

---

Мурунку берене: [65-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-65)  
Кийинки берене: [67-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-67)
