# 54-статья. Суу объектилерине, коллектордук-дренаждык тутумдарга, сугарылуучу, чыпкалоочу жана буулантуучу талааларга, жер рельефине таштандыларды жана булгоочу заттарды таштоого уруксатты токтото туруу, өзгөртүү же жокко чыгаруу

- Документ: [Суу Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1605)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-январындагы № 8 "Суу Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 июня 2025 года № 129 "О введении в действие Водного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029016)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 октября 2013 года № 197 "О внесении изменений и дополнений в Водный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205060)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1605#diff=1201410..1201411>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-54>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-24/edition/1201409/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1605/st-54.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Суу Кодекси, 54-статья (27.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-54

---

Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкү учурларда суу объектилерине, коллектордук-дренаждык тутумдарга, сугарылуучу, чыпкалоочу жана буулантуучу талааларга, жер рельефине таштандыларды жана булгоочу заттарды таштоого уруксатты убактылуу токтото, өзгөртө же жокко чыгара алат:

а) кургакчылык же суунун жетишпестиги же өзгөчө кырдаалдарда;

б) берилген уруксаттын шарттары бузулганда;

в) уруксаттын ээсинин өтүнүчү боюнча;

г) эгерде ал коомчулуктун кызыкчылыгы үчүн зарыл болсо;

д) эгерде суунун сапатын белгиленген стандартка ылайык келтирүүнү камсыз кылуу зарыл болсо.

(КР 2013-жылдын 26-октябрындагы № 197 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [53-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-53)  
Кийинки берене: [55-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-55)
