# 52-статья. Суу объектилерине, коллектордук-дренаждык тутумдарга, сугарылуучу, чыпкалоочу жана буулантуучу талааларга, жер рельефине булгоочу заттарды жана таштандыларды таштоого уруксат берүү

- Документ: [Суу Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1605)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-январындагы № 8 "Суу Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 июня 2025 года № 129 "О введении в действие Водного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029016)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 октября 2013 года № 197 "О внесении изменений и дополнений в Водный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205060)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1605#diff=1201410..1201411>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-52>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-24/edition/1201409/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1605/st-52.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Суу Кодекси, 52-статья (27.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-52

---

1. Суу объектилерине, коллектордук-дренаждык тутумдарга, сугарылуучу, чыпкалоочу жана буулантуучу талааларга, жер рельефине булгоочу заттарды жана таштандыларды таштоого уруксат ыйгарым укуктуу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык орган жана Мамлекеттик суу администрациясы менен макулдашылгандан кийин айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.

2. Суу объектилерине, коллектордук-дренаждык тутумдарга, сугарылуучу, чыпкалоочу жана буулантуучу талааларга, жер рельефине булгоочу заттарды жана таштандыларды таштоого уруксат төмөнкүлөрдү камтыйт:

- белгилүү убакыт ичинде таштаса боло турган булгоочу заттардын санын;

- таштоочу курулмаларды, аларга мүнөздөмө берүү жана картографиялык материалды тиркөө менен жайгашкан жерин баяндоону;

- уруксат ээлеринин агызып чыгарууга-таштоого мониторинг жана мониторинг боюнча ушул маалымат айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилүүгө тийиш болгон мезгилдүүлүк;

- таштандыларды жана булгагычтарды суу объектисине таштаардын алдында жүргүзүлгөн жана андан ары жүргүзүлүүчү аларды тазалоо процесстерин баяндоону;

- таштандыларды жана булгоочу заттарды алдын ала жана биротоло тазалоо боюнча бардык курулмаларды, ошондой эле таштоочу курулмаларды жана контролдоочу түзүлүштөрдү куруунун жана эксплуатациялоонун долбоорун баяндоону;

- суу объекттерин жана суу чарба курулмаларын булгоону кыскартуу же болтурбоо, ташталышы мүмкүн болгон булгагычтардын өлчөмүнүн же концентрациясынын сезондук же башка өзгөрүүлөрүн камтуу менен суунун сапатынын ылайык келиши зарыл болгон Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу башка шарттар.

3. Таштоого уруксатта уруксаттын ээси үчүн булгагычтардын концентрациясын азайтуу түрүндө чектөөлөр белгилениши мүмкүн.

4. Таштоого уруксат үч жылдан ашык эмес мөөнөткө берилет. Таштоого уруксат айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кат жүзүндөгү уруксатысыз башка адамга берилбөөгө тийиш.

5. Кыргыз Республикасынын суу объектилерине , коллектордук-дренаждык тутумдарга, сугарылуучу, чыпкалоочу жана буулантуучу талааларга, жер рельефине таштоого уруксат ушул кодекс жана ага ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик жана укуктук актылары менен берилет жана жөнгө салынат.

(КР 2013-жылдын 26-октябрындагы № 197 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [51-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-51)  
Кийинки берене: [53-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-53)
