# 49-статья. Сууларды классификациялоо

- Документ: [Суу Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1605)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-январындагы № 8 "Суу Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 июня 2025 года № 129 "О введении в действие Водного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029016)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-49>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-24/edition/1201409/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1605/st-49.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Суу Кодекси, 49-статья (27.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-49

---

1. Суу боюнча улуттук кеңеш Мамлекеттик суу администрациясынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык органы жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашылган сунушу боюнча, ар бир суу объектиси боюнча аларды пайдалануунун сапатына жана багытына ылайык Кыргыз Республикасынын сууларын классификациялоону иштеп чыгууну уюштурат. Пайдалануу багыты жагынан ичилүүчү, айыл-чарбалык жана рекреациялык максаттар үчүн сууну пайдаланууга чек коюулбайт.

2. Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ыйгарым укуктуу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык орган менен макулдашып, иштелип чыккан суу классификациясы бар ар бир суу объектиси боюнча суунун сапатына стандарттарды белгилөөгө тийиш.

3. Суунун сапатынын стандарттары ыйгарым укуктуу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык орган тарабынан белгиленет.

---

Мурунку берене: [48-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-48)  
Кийинки берене: [50-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-50)
