# 48-статья. Жаратылыш ресурсу катары сууну пайдалангандыгы үчүн акы төлөө

- Документ: [Суу Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1605)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-январындагы № 8 "Суу Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 июня 2025 года № 129 "О введении в действие Водного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029016)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 апреля 2019 года № 44 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Водный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О воде")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111889)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 05.04.2019 [Закон КР от 5 апреля 2019 года № 44 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Водный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О воде")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111889); 07.05.2016 [Закон КР от 7 мая 2016 года № 57 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Водный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О горных территориях Кыргызской Республики", "О воде")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111336)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1605#diff=1201415..1201416>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-48>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-24/edition/1201409/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1605/st-48.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Суу Кодекси, 48-статья (27.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-48

---

1. Жаратылыш ресурсу катары сууну пайдалангандык үчүн акы төлөөнү суу ресурстарын иликтөө, баа берүү жана коргоо боюнча иш жүзүндө кеткен чыгымдардын, ошондой эле Мамлекеттик суу администрациясынын ишиндеги иш-чараларга кеткен чыгымдардын негизинде ар бир башкы бассейиндер үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.

2. Ушул статьяга ылайык алынган каражаттар төмөнкүлөрдү каржылоо үчүн пайдаланылат:

- Мамлекеттик суу администрациясынын жана суу ресурстарын башкарууга тартылган башка мамлекеттик органдардын администрациялык сарптоолорун;

- Улуттук суу стратегиясына ылайык суу ресурстарын натыйжалуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуучу суу секторун өнүктүрүү боюнча долбоорлорго кеткен инвестициялык сарптоолорду;

- Мамлекеттик суу чарба программалары менен аныкталган долбоорлорду;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган башка максаттарды.

3. Суу объектилерин жана суу ресурстарын пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнү аныктоонун жана алуунун, суу пайдалануучуларга жеңилдиктерди белгилөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын суу мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

(КР 2016-жылдын 7-майындагы N 57, 2019-жылдын 5-апрелиндеги N 44 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [47-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-47)  
Кийинки берене: [49-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-49)
