# 39-статья. Суу берүүгө контрактын жана ар жылкы келишимдин укуктук негизи

- Документ: [Суу Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1605)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-январындагы № 8 "Суу Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 июня 2025 года № 129 "О введении в действие Водного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029016)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 октября 2012 года № 170 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203770)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1605#diff=1201409..1201410>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-39>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-24/edition/1201409/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1605/st-39.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Суу Кодекси, 39-статья (27.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-39

---

1. Суу берүүгө контракты бузгандыгы үчүн суу берүүчү суу пайдалануучуну суу менен камсыз кылууну токтотуучу шарттар каралат. Эгерде суу пайдалануучу суу берүү боюнча көрсөтүлгөн кызматтын акысын үч айдан ашык убакыт төлөбөсө суу берүүчү суунун берилишин токтото алат.

2. Эгерде суу берүүчү сууну суу берүү жөнүндө ар жылкы келишимде көрсөтүлгөн санда графикке ылайык бербесе, суу берүүчү төмөндөгү учурлардан тышкары суу пайдалануучуга компенсация төлөөгө милдеттүү:

- күтүлбөгөн татаал кырдаалдар болсо;

- суу пайдалануучу суу берүү жөнүндө контракттын жана ар жылкы келишимдин шарттарын аткарбаса;

- (төртүнчү абзац КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. Суу берүү жөнүндө ар жылкы келишимде белгиленген суунун көлөмүн жетиштүү бербегендиги үчүн суу пайдалануучуга төлөнүүчү компенсацияны эсептөөнүн тартиби жөнүндөгү Жобону Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.

4. Суу берүүгө контракт тараптардын өз ара макулдашуусу же соттун чечими боюнча бузулушу мүмкүн.

(КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [38-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-38)  
Кийинки берене: [40-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-40)
