# 37-статья. Сууну пайдалануучулардын өтүнүчү боюнча сууну кошумча берүү

- Документ: [Суу Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1605)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-январындагы № 8 "Суу Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 июня 2025 года № 129 "О введении в действие Водного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029016)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-37>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-24/edition/1201409/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1605/st-37.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Суу Кодекси, 37-статья (27.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-37

---

1. Сууну пайдаланууга контракттын ээси суу берүүчүдөн сууну анын суу пайдаланууга максималдуу укугунан ашык көлөмдө берүүнү сурай алат.

2. Суу берүүчү ирригациялык тутумдун ичиндеги башка суу пайдалануучулар суунун көлөмүн суу пайдаланууга максималдуу укугунан азыраак сурашынын натыйжасында пайда болгон ашык суунун эсебинен көбүрөөк көлөмдө бере алат. Эгерде сууну максималдуу укугунан ашык көлөмдө сураган суу пайдалануучулар бир же андан көп санда болсо, анда суу берүүчү суунун ашыгын бир же бир нече суу пайдалануучуга ар жылкы келишимдин шарттарынын негизинде кошумча көлөмдө берилген суу үчүн жогорулатылган акы менен бере алат.

3. Суунун кошумча көлөмүн берүү жол-жобосу менен механизми жана ага байланыштуу суу берүүгө келишимдин өзгөртүлүшү ушул статьянын 2-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө бекитилген жобо менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [36-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-36)  
Кийинки берене: [38-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-38)
