# 34-статья. Суу берүүгө контрактты колдонуу мөөнөтү жана ал боюнча сууга белгиленген укуктар

- Документ: [Суу Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1605)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-январындагы № 8 "Суу Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 июня 2025 года № 129 "О введении в действие Водного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029016)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 октября 2012 года № 170 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203770)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1605#diff=1201409..1201410>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-34>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-24/edition/1201409/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1605/st-34.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Суу Кодекси, 34-статья (27.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-34

---

1. Суу берүүгө ар бир контракт он беш жылдык мөөнөткө түзүлөт; суу пайдалануучунун табыштамасына ылайык ал кыйла кыска мөөнөткө түзүлүшү мүмкүн.

2. Ар бир контрактта суу пайдалануучунун суу алууга минималдуу жана максималдуу укуктары айтылат.

3. Сууга максималдуу укук деп суу ресурстарынын болушуна жараша берилүүчү суунун жылдык көлөмү түшүнүлөт, аны алуу үчүн суу пайдалануучу суу берүүчүгө кайрыла алат.

4. Сууну пайдаланууга минималдуу укук деп суу берүүчү суу пайдалануучуга жыл сайын берип туруучу суунун минималдуу көлөмү түшүнүлөт.

(КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [33-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-33)  
Кийинки берене: [35-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-35)
